Редакцияот 10.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык Кеңешинин V шайланган кезектеги 31 отуруму

 

2016-жылдын 10-ноябры № 31/2

Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларынын жана мектептердин 2016- 2017- окуу жылында кышка карата даярдыгы жөнүндө

Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларынын жана мектептердин 2016- 2017- окуу жылында кышка карата даярдыгы боюнча депутат.А.Апсатаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ленин айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларынын жана мектептердин 2016- 2017- окуу жылында кышка карата даярдыгы боюнча депутат.А.Апсатаровдун билдирүүсү эске алынсын.

2. Айыл аймагындагы мекеме-ишканалар кышка карата көмүр ,отун менен камсыз болгондугу белгиленсин жана электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу, бөлүнгөн лимиттен ашырбоо жагы мекеме –ишкана жетекчилерине милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Жоробеков