Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 26-ноябрында каттоодон өткөн. Каттоо номери № 111-07 Бишкек шаары2007-жылдын 29-октябры N 376 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ Тамеки заттарынын кабына жана маркировкасына карата талаптар жөнүндө "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыян-дуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 10-11статьяларын жана ДССУнун Тамекиге каршы күрөш боюнча алкактык конвенци-ясын ишке ашыруу максатында жана тамеки заттардын керектелишин контрол-доо боюнча чараларды уюштуруу максатында буйрук кылам: 1. Төмөнкүлөр бекитилсин: - 2008 жылдын 1-апрелинен баштап киргизүү үчүн тамеки заттардынкутуларындагы жана каптарындагы 9 медициналык сүрөттүү эскертүүлөрдүнтизмеси жана алардын пайдалануунун эрежелери (N 1 тиркеме); - тамеки заттардын кутусун жана сырткы кабын жасалгалоонун эреже-лерин жана аларды маркалоого карата талаптары (N 2 тиркеме); - өз товарларын Кыргыз Республикасынын рыногунда сатуучу жергилик-түү жана чет өлкөлүк өндүрүшчүлөрдүн чыгарылган продукциялары КыргызРеспубликасынын аймагында колдонулчу стандарттарга ылайыктыгы жөнүндөотчет берүүсүнүн эрежелери (N 3 тиркеме). 2. Өз товарларын Кыргыз Республикасынын рыногунда сатуучу өндүрүш-чүлөрдөн отчетторду алуу жана анализдөө үчүн жоопкерчилик (N 3 тиркеме-ге ылайык) тамекиге каршы күрөш боюнча улуттук координаторго (Ч.Б.Бек-басарова) жүктөлсүн. 3. Башкы адис-юрист (Г.А.Саадабаева) жана тамекиге каршы күрөш бо-юнча улуттук координатор (Ч.Б.Бекбасарова) бул буйруктун Кыргыз Респуб-ликасынын Юстиция министрлигинде мыйзамда белгиленген тартипте катталы-шын камсыздашсын. 4. Бул буйрук катталгандан кийин жалпыга маалымдоо каражаттарынажарыялансын жана жарыяланган булагы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юс-тиция министрлигине кабарлансын. 5. Бул буйрук мыйзамда белгиленген тартип боюнча күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы N 681токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрлик-тердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун,Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондунун, Кыргыз Республикасы-нын Социалдык фондунун жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча баш-каруусунун нормативдик укук актыларын жарыялоонун тиркелген Тартибинин6-пунктуна ылайык, бул документ расмий жарыялангандан кийин күчүнө ки-рет 6. 2008-жылдын 1-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын аймагында"Саламаттык сактоо министрлиги эскертет: "Тамеки чегүү сиздин ден соо-лугуњузга зыян" жана "Жашы жете электерге сатууга тыюу салынат" дегенмедициналык эскертүүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин. 7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо өзүмө калтырылсын. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Т.Абдраимов N 1 тиркеме Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2007-жылдын 29-октябрындагы N 376 приказы менен бекитилген 2008-жылдын 1-апрелинен баштап киргизүү үчүн тамеки заттардын кутуларындагы жана каптарындагы медициналык сүрөттүү эскертүүлөрдүн тизмеси жана алардын пайдалануусунун ЭРЕЖЕЛЕРИ 1. Тамеки тартуу - өпкөнүн рак дартынын себеби www.help.kg. 2. Тамеки тартуу жүрөктүн инфаркт оорусуна алып келет www.help.kg. 3. Тамеки тартуу мээге кан куюлууга алып келет www.help.kg. 4. Тамеки тартуу - бут чиримдин себеби www.help.kg. 5. Сиздин тамекињиздин түтүнү балањыздын өпкө-бронх ооруларынынсебеби www.help.kg. 6. Тамеки тартуу эркектерди импотенцияга алып келет www.help.kg. 7. Тамеки тартуу - тез картайтат www.help.kg. 8. Кош бойлуунун тамеки тартканы болочок наристенин денсоолугунбузат www.help.kg. 9. Тамеки ооз-көњдөй орууларынын негизги себеби www.help.kg. Медициналык эскертүүлөрдүн бардык түрлөрүн 3 жыл бою текши пайда-лануу максатында: - чыгарылчу тамеки заттардын ар бир маркасында жогоруда көрсөтүл-гөн медициналык эскертүүлөр ар бир 4 айда алмаштырылып турууга тийиш; - Кыргыз Республикасынын рыногуна келген тамеки заттардын кутула-рында жана каптарында окшош эмес медициналык эскертүүлөр болууга тийиш; - жогоруда айтылган медициналык эскертүүлөр ар бир тамеки заттары-нын маркасынын кутусунда жана сырткы кабында жок дегенде 1 жолу 3 жыл-дын ичинде чыгыш керек; - Өндүрүшчүлөр медициналык эскертүүлөрдүн бардык түрлөрүн 3 жылбою тегиз пайдалануусун камсыздоого тийиш. Тамеки заттарын керектөө калктын ден соолугуна зыяндуулугу тууралуэскертүүлөрдүн, сүрөтүнүн жана/же пиктограммасынын текстинин мазмунуКыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы мамлекеттик ыйгарымукуктуу органы тарабынан үч жылдан бир жолу өткөрбөй кайра бекитилетжана алмаштырылат. 1-сүрөт. Тамеки заттардын кутуларындагы медициналык эскертүүлөрдүнтексти жана сүрөттөрү (Winston, Marlboro, L&M тибиндеги катуу кутудагысигареттердин мисалында) кутуга жайгаштыруу эсеби менен (тиркеме 1А). 2-сүрөт. Тамеки заттардын каптарындагы медициналык эскертүүлөрдүнтексти жана сүрөттөрү (Winston, Marlboro, L&M тибиндеги катуу кутудагысигареттердин мисалында) тамеки буюмдардын сырткы кабына жайгаштырууэсеби менен (тиркеме 1Б). Тиркеме 1А "Токтом" Маалымат Борборунун эскертүүсү: Тамеки заттардын кутула-рындагы медициналык эскертүүлөрдүн тексти жана сүрөттөрү (Winston,Marlboro, L&M тибиндеги катуу кутудагы сигареттердин мисалында) кутугажайгаштыруу эсеби менен "Токтом" Маалымат Борборунда кагаз түрүндө бар. Тиркеме 1Б "Токтом" Маалымат Борборунун эскертүүсү: Тамеки заттардын капта-рындагы медициналык эскертүүлөрдүн тексти жана сүрөттөрү (Winston,Marlboro, L&M тибиндеги катуу кутудагы сигареттердин мисалында) тамекибуюмдардын сырткы кабына жайгаштыруу эсеби менен "Токтом" Маалымат Бор-борунда кагаз түрүндө бар.