Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                        Кыргыз Республикасынын

                     Улуттук банк Башкармасынын

 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ)токтомуна ылайык

                           КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын

14-мартында каттоодон өткөн. Каттоо номери 44-07

 

Бишкек шаары

2007-жылдын 14-марты № 13/13

 

       КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

 

        "Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү

                  жүргүзүү жөнүндөгү" Нускоо тууралуу

 

     Кыргыз Республикасынын  Улуттук  банк Башкармасы, "Кредиттик союз-

дардын ишине  инспектордук  текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү" Нускоонун

долбоорун карап  көрүп,  Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын

Улуттук банкы  жөнүндөгү",  "Кредиттик  союздар жөнүндөгү" Мыйзамдарына таянуу менен токтом кылат:

     1. Кароого сунушталган "Кредиттик  союздардын  ишине  инспектордук

текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү" Нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин.

     2. Көзөмөл  методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык

бөлүм менен бирдикте бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция минис-

трлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.

     3. Токтом  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекет-

тик каттоодон өткөндөн кийин,  расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө

кирет.

     4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-

рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-

ялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз  Республикасынын  Юстиция

министрлигине маалымдасын.

     5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу  милдети

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым С.Э.Джа-

ныбековага ыйгарылсын.

 

     Кыргыз Республикасынын Улуттук

     банк Башкармасынын Төрагасы                       М.Алапаев