Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын
1-июлунда каттоодон өткөн. Каттоо номери № 65-09
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/11 токтому менен бекитилген
|
"Кыргыз Республикасында Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу электрондук билдирүүлөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" НУСКОО
(КР Улуттук банк Башкармасынын
2011-жылдын 30-мартындагы № 20/7, 2012-жылдын 30-мартындагы № 14/13, 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7,
токтомдорунун редакциясына ылайык)
1.1. Бул нускоо Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Электрондук документ жана электрондук цифралык кол тамга жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" мыйзамдарына, Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) жүргүзүү саясатына", Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банктын 2005-жылдын 9-сентябрындагы № 420/21/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө" жана Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 1-июнундагы № 29/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө" жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башка ченемдик укуктук актыларына (мындан ары - Улуттук банк) ылайык иштелип чыккан.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7 токтомунун редакциясына ылайык)
1.2. Бул нускоо электрондук төлөм документтерди (мындан ары - ЭТД) жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасын (ГСРРВ) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү учурунда билдирүүлөрдү даярдоо, кагаз бетине чыгарылган төлөм документтерин жана операциялардын тартибин белгилейт.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7 токтомунун редакциясына ылайык)
1.3. Бул нускоонун аракети, Улуттук банктан лицензия алышкан бардык финансы-кредит мекемелеринин, алардын кардарларынын, ошондой эле Улуттук банкта ачылган эсепке ээ башка мекемелердин ишине, ошондой эле Улуттук банк менен системага катышуу жөнүндө ыктыярдуу негизде Башкы келишим түзүшкөн адистештирилген катышуучулардын ишине таркатылат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7 токтомунун редакциясына ылайык)
1.4. Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында тобокелдиктерди тескөө принциптери жана ыкмалары, Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы № 16/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө саясатында" жана Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 1-июнунда кабыл алынган № 29/3 "Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө" жободо келтирилген.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7 токтомунун редакциясына ылайык)
1.5. Системанын электрондук төлөм документтеринин жана билдирүүлөрүнүн форматтары Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 25-сентябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 2-ноябрында 103-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 43/5 токтому менен бекитилген "Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында (ГСРРВ) электрондук төлөмдөрдүн форматтары жана аларды толтуруу эрежелери" документинде (мындан ары - Форматтарды толтуруу эрежелери) аныкталган.
1.6. Ушул нускоодо пайдаланылган терминдер жана аныктамалар, ченемдик укуктук актыларда келтирилген, ушул нускоонун 1.1-пунктунда белгиленген терминдерге жана аныктамаларга дал келет. Буга кошумча бул нускоодо төмөнкү терминдер жана аныктамалар пайдаланылат.
Баштапкы төлөм документи - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык таризделинген, төлөм жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган кагаз бетине чыгарылган же электрондук формадагы төлөм документи.
Эсептешүү мезгил аралыгы - системанын катышуучулары ортосунда милдеттенмелерди жөнгө салуу жана кезекте турган төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн каралган системанын операциялык күн аралыгы.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7 токтомунун редакциясына ылайык)
1.7. Улуттук банк ГСРРВнын оператору жана катышуучулардын Улуттук банкта ачылган эсептери боюнча системада эсептешүүлөрдү жүргүзүүчү эсептешүүчү банк болуп саналат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 2025-П-19/47-3-(НПА)токтомунун редакциясына ылайык)