Загрузка документа…
Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын " 17 " октябрындагы № 45/1 токтомуна карата 1-тиркеме |
(КР Улуттук банк Башкармасынын 20 января 2016 года № 4/6, 15 июня 2016 года № 25/2, 15 июня 2017 года № 2017-П-12/25-12, 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2017-П-12/51-13-(НПА), 2018-жылдын 31-январындагы №2018-П-12/4-6-(БС), 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12/20-2-(НФКУ) , 15 августа 2018 года № 2018-П-33/33-8)
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул жобо, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө", "Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыз жөнүндө" мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 5-июлундагы №26/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө" жобого (мындан ары - мыйзамдарга) ылайык иштелип чыккан жана анда ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык компаниялардын (мындан ары - МФК) мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун (мындан ары - ПРО) бирдиктүү формасы аныкталган.
2. ПРО бухгалтердик эсеп жана системадан тышкаркы эсепке алуу маалыматтарынын негизинде түзүлөт.
3. Ушул жободо колдонулган терминдер жана аныктамалар, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында колдонулган терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет.
4. ПРО төмөнкүлөргө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү максатында түзүлөт:
а) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан мыйзамдарда белгиленген милдеттердин аткарылышынын алкагында МФКлардын финансылык абалына;
б) компаниялардын жетекчилери ликвиддүүлүктү, төлөөгө жөндөмдүүлүктү жана кирешелүүлүктү камсыз кылуу жагында чечимдерди кошо алганда, тиешелүү чечимдерди кабыл алуусу үчүн МФКлардын ишине.
5. ПРОнун башкы милдети - ушул жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн максаттардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн МФКлардын экономикалык жана чарбалык иши тууралуу так жана толук маалыматтарды чагылдыруу.
6. ПРО, аныкталган формада, белгиленген мөөнөттө берилүүгө тийиш болгон МФКнын белгилүү бир мезгил ичиндеги иши тууралуу отчетту түшүндүрөт.
7. ПРО 13 бөлүктөн турат. ПРОнун курамы, кыскача мазмуну жана берүү мөөнөттөрү ушул жобого карата 1-тиркемеде чагылдырылган.
8. МФКнын ушул жылдын 4-чейреги үчүн ПРОсу жылдык болуп саналат. Акча каражатын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн декабрь айында сунушталган ПРО жылдык болуп саналат. Жылдык ПРО отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирилбестен Улуттук банктын кароосуна сунушталууга тийиш.
9. Ар бир МФКда ПРОнун мазмунунун толуктугу, мөөнөтүндө берилиши жана туура толтурулушу үчүн жооп берген кызматкер дайындалууга тийиш. ПРОдо камтылган маалыматка тиешелүү бардык суроолор боюнча Улуттук банк менен иш алып баруу жоопкерчилиги да ошол кызматкерге жүктөлөт.
10. ПРО ушул жобого карата 2-тиркемедеги формада, отчет үчүн белгиленген мөөнөттөрдө кагазга чыгарылган жана электрондук түрдө Улуттук банкка берилет. ПРОнун электрондук версиясы Улуттук банкта белгиленген талаптарга ылайык түзүлүүгө тийиш.
11. Чүй областында жана Бишкек шаарында жайгашкан МФКлар ПРОну кагазга чыгарып, конвертке салып, чапталган түрүндө Улуттук банкка сунуштоого тийиш.
12. ПРОнун электрондук версиясы Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын Статистикалык базаларды техникалык колдоо бөлүмүнө электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. МФКнын электрондук почтасы жок болсо, отчеттор жаздырып алуучу башка жабдуулар (USB - флэш маалымат сактоочу) аркылуу берилиши зарыл.
13. Республиканын башка областтарында жайгашкан МФКлар ПРОну кагазга чыгарылган же электрондук түрдө Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыгына/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө берүүгө тийиш.
Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү ПРОну Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгына агрегирленген түрдө сунушташат.
14. ПРОдо кандайдыр бир дал келбестиктер, каталар, маалыматтардын толук чагылдырылбашы же анын формаларынын туура эмес толтурулушу аныкталган учурда, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү финансылык отчетто чагылдыруу менен отчетту оңдоо зарылчылыгы тууралуу МФКга маалымдап, оңдолгон отчетту 10 жумуш күнү ичинде берилишин талап кылат.
Оңдолгон отчеттор МФКнын коштомо каты менен бирге отчет талапка ылайык толтурулбагандыгы тууралуу билдирме жөнөтүлгөндөн кийинки беш жумуш күн ичинде Улуттук банкка кайрадан сунушталууга тийиш.
15. Улуттук банктын ПРО боюнча сын-пикирлери жок болсо же отчет Улуттук банктын сын-пикирлерине ылайык кайрадан оңдолуп, анын оңдолгондугу жөнүндө Улуттук банк кат жүзүндө билдиргенден кийин гана ПРО Улуттук банк тарабынан кабыл алынган катары эсептелинет.
16. МФК ПРОну МФКнын башкы кеңсеси жана филиалдар боюнча консолидацияланган негизде беришет.
17. ПРО белгиленген формада: көктөлгөн, ар бир бөлүктүн беттерине санын көрсөтүү менен номерленип, мөөр басылып, МФКнын ПРОнун түзүлүшү, анын берилиши үчүн жооп берген кызматкерлеринин кол тамгасы коюлуп, сунушталууга тийиш.
18. ПРОдо отчеттук күнгө карата МФКнын абалы тууралуу так маалыматтар камтылууга тийиш. МФКнын абалынын ар айлык, чейректик жана жылдык ПРОлордо туура чагылдырылгандыгы МФКнын Директорлор кеңешинин Төрагасы же Директорлор кеңешинин Төрага жок учурда аны алмаштырган мүчөсү, МФК Башкармасынын Төрагасы, Башкы бухгалтери жана МФК Башкармасынын ПРОнун даярдалышын түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсү тарабынан тастыкталат.
19. ПРОдо маалыматтардын өз учурунда берилбеши жана/же такталбаган, туура эмес маалыматтардын берилиши, отчеттун толук эмес жана/же туура эмес толтурулушу үчүн МФК Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.
20. Улуттук банкка берилген ПРОнун экинчи нускасы МФКда сакталууга тийиш.
| Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 токтому менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобого карата 1-тиркеме |
N | Бөлүгү | Аталышы | Мезгил аралыгы | Берүү мөөнөтү | Эскертүүлөр же ченемдик укуктук актыларга шилтемелер |
1 |
| Титулдук барак | Чейрек сайын
| отчеттук айдан кийинки айдын 20 чейин | Бөлүктөргө тиркелет |
2 |
| Банктын Директорлор кеңешинин, Башкармасынын жана Шариат кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалыматтар | Жыл сайын | отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин | Бөлүктөргө тиркелет |
Өзгөртүүлөр киргизилген учурларда | өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийинки 10 календарлык күн ичинде | ||||
3 |
| МФКнын айрым кызмат адамдары жөнүндө маалымат | Жыл сайын | отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин | Бөлүктөргө тиркелет |
Өзгөртүүлөр киргизилген учурларда | өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийинки 10 календарлык күн ичинде | ||||
4 |
| МФК тууралуу базалык маалымат | Жыл сайын | отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин | Бөлүктөргө тиркелет |
Өзгөртүүлөр киргизилген учурларда | Өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийинки 10 календарлык күн ичинде | ||||
5 | Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет A. Активдер Б. Милдеттенмелер B. Капитал Г. Милдеттенмелерди чечмелөө Д. Каржылоо портфелин чечмелөө | Жыл сайын | отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
| |
Чейрек сайын Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн, ай сайын | отчеттук мезгилден кийинки мезгилдин 20 календарлык күн ичинде | ||||
6 | Чогуу алгандагы киреше тууралуу отчет A. Операциялар боюнча алынган кирешелер Б. Операцияларды ишке ашыруудан улам чыгымдар B. Операциялар боюнча башка кирешелер Г. Операциялар боюнча башка чыгашалар Д. Операциялык жана административдик чыгашалар | Жыл сайын | отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
| |
Чейрек сайын Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн, ай сайын | отчеттук мезгилден кийинки мезгилдин 20 календарлык күн ичинде | ||||
7 | Капитал A. Капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр Б. МФКнын акциялары жана башка баалуу кагаздары тууралуу маалыматтар B. Бөлүштүрүлбөгөн пайдадагы өзгөрүүлөр | Жыл сайын | отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
| |
Чейрек сайын Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн, ай сайын | Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки мезгилдин 20 календарлык күн ичинде | ||||
8 | Мөөнөтүнөн өткөрүлүп жиберилген активдер тууралуу маалымат, активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо A. Мөөнөтүнөн өткөрүлүп жиберилген активдер тууралуу маалымат Б. Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо B. Берилген каржылоо боюнча маалымат Г. Областтар боюнча берилген каржылоо тууралуу маалымат Д. Каржылоо ыкмалары Е. Кардарлар жёнъндё Ж. Кыргыз Республикасынын областтары боюнча тобокелдик деңгээлине жараша активдерди классификациялоо З. Кыргыз Республикасынын областтары боюнча башка маалыматтар И. Проблемалуу кардарлар боюнча маалымат К. Үстү-үстүнөн берилген активдер жөнүндө маалыматтар Л. Реструктуриза-цияланган активдер | Жыл сайын | отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
| |
Чейрек сайын Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн, ай сайын | отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 20 календарлык күн ичинде | ||||
9 | Кардарлардын эсептери A.Суммалар боюнча бөлүштүрүү менен эсептер Б. Отчеттук мезгил ичинде эсептердеги акча каражаттардын жылышы B. Төлөө мөөнөттөрү боюнча эсептер | Жыл сайын | отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
| |
Чейрек сайын Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн, ай сайын | отчеттук мезгил аяктагандан кийинки мезгилдин 20 календарлык күн ичинде | ||||
10 | А. Кирешелүүлүк чендеринин өзгөрүүсүнө карата активдердин жана милдеттенмелердин ийкемдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөр (ГЭП-анализ) Б. Ордун жабуу мөөнөттөрү боюнча активдерди жана милдеттенмелерди талдап-иликтөө | Жыл сайын | отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
| |
Чейрек сайын Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн, ай сайын | отчеттук мезгил аяктагандан кийинки мезгилдин 20 календарлык күн ичинде | ||||
11 | РППУдагы өзгөрүүлөр А. РППУдагы өзгөрүүлөр Б. РППУнун эсебинен эсептен алынып салынган активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер жана кайтарылган (мурда эсептен алынып салынган) активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер жөнүндө маалыматтар | Жыл сайын | отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
| |
Чейрек сайын Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн, ай сайын | отчеттук мезгил аяктагандан кийинки мезгилдин 20 календарлык күн ичинде | ||||
12 | А. Ири тобокелдиктер тууралуу маалымат Б. Аффилирленген жактар менен операциялар жөнүндө жалпы маалыматтар В. Уюштуруучулардан/акционерлерден/катышуучулардан алынган насыялар | Жыл сайын | отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
| |
Чейрек сайын Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн, ай сайын | отчеттук мезгил аяктагандан кийинки мезгилдин 20 календарлык күн ичинде | ||||
13 | Кызматкерлер менен келишилген бүтүмдөр тууралуу маалымат | Жыл сайын | отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
| |
Чейрек сайын Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн, ай сайын | отчеттук мезгил аяктагандан кийинки мезгилдин 20 календарлык күн ичинде | ||||
14 | Экономикалык ченемдердин сакталышы тууралуу маалыматтар | Жыл сайын | отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин | Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелери | |
Чейрек сайын Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн, ай сайын | отчеттук мезгил аяктагандан кийинки мезгилдин 20 календарлык күн ичинде | ||||
15 | Кардарларга сунушталган каржылоо тууралуу маалымат | Жыл сайын | отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
| |
Чейрек сайын Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн, ай сайын | отчеттук мезгил аяктагандан кийинки мезгилдин 20 календарлык күн ичинде | ||||
16 | Ачып көрсөтүү А. Банк менен түзүлгөн агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча маалымат Б. ФКМде ишке ашырылган операциялар жана инвестициялар боюнча чечмелөөлөр В. Туунду финансылык инструменттер | Жыл сайын | отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин |
| |
Чейрек сайын Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн, ай сайын | отчеттук мезгил аяктагандан кийинки мезгилдин 20 календарлык күн ичинде | ||||
17 | Чет өлкө активдери жана милдеттенмелери боюнча отчет | Чейрек сайын | отчеттук мезгил аяктагандан кийинки мезгилдин 20 календарлык күн ичинде |
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2014-жылдын «17»-октябрындагы №45\1 токтому менен бекитилген | |||||||||||||||||
"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокредиттик | |||||||||||||||||
компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобого карата 2-тиркеме | |||||||||||||||||
Маалымат | Кыргыз Республикасынын | ||||||||||||||||
МКК/МКА | Улуттук банкынын | ||||||||||||||||
Кызматтык иште пайдалануу үчүн |
| ||||||||||||||||
мекеме: | Тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн | ||||||||||||||||
| |||||||||||||||||
________________ | №____________________ | ||||||||||||||||
(берген күнү) | (кириш/чыгыш) | ||||||||||||||||
Көрсөтүлгөн абалы карата |
| түзүлгөн |
| ||||||||||||||
| /күн, ай, жыл/ |
| /күн, ай, жыл/ | ||||||||||||||
Мезгилдүүлүгү: - чейректик сайын; -жылдык; - корректировкалоо | |||||||||||||||||
Отчеттун аныктыгы тастыкталган: | _____ички текшерүү менен | ||||||||||||||||
| _____аудит тарабынан корутундусуз | ||||||||||||||||
| ______аудит тарабынан корутунду менен | ||||||||||||||||
Отчет берген мекеме: ___________________________________________________________________________________ | |||||||||||||||||
/ МФК/ аталышын чоң басма тамгалар менен көрсөткүлө/ | |||||||||||||||||
| |||||||||||||||||
КОЛ ТАМГА ЖАНА КҮБӨЛӨНДҮРҮҮ | |||||||||||||||||
Биз, төмөндө кол койгондор, бул отчет жана анын тиркемелери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын | |||||||||||||||||
жобосуна ылайык даярдалгандыгын тастыктайбыз. Биз ошондой эле, отчетту текшергендигибизди жана | |||||||||||||||||
МКК/МКАнын абалы жөнүндө отчеттук күнгө карата туура маалымат бергендигин тастыктайбыз. | |||||||||||||||||
1. Компаниянын Директор кеңешинин Төрагасы | ____________________ (кол тамгасы) | __________________ (аты-жөнү) | |||||||||||||||
2. Компаниянын Директор кеңешинин (же болбосо Ревизиялык комиссиясынын) мүчөсү | (кол тамгасы) | (аты-жөнү) | |||||||||||||||
3. Компаниянын башкармасынын Төрагасы |
|
| |||||||||||||||
4. Башкы бухгалтер |
|
| |||||||||||||||
5. Отчетту даярдоо боюнчча ишке түздө жетекчелигин калган Башкарманын мүчөсү |
|
| |||||||||||||||
6. Тышкы аудитор фирма | (корутундунун N жана күнүнө шилтеме) | ||||||||||||||||
Отчет түзүү боюнча жооптуу адам |
|
|
| ||||||||||||||
Кызматы | Аты-жөнү | Кол тамгасы | |||||||||||||||
| |||||||||||||||||
7. Кардарлардын жалпы саны ________________________________________________________________ | |||||||||||||||||
А) каржылоо сунушталган кардарлар _______________________________________________________ | |||||||||||||||||
Б) акча кара ______________________________________________________________________________ | |||||||||||||||||
Катталган күнү | Кол тамгасы | Карап чыгууга келип | Кол тамгасы | Текшерүү аяктаган күнү | Кол тамгасы | ||||||||||||
|
|
|
| ||||||||||||||
| |||||||||||||||||