Сравнение редакций…
|
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 2-декабрындагы № 74/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/16, 2017-жылдын 25-октябрындагы № 2017-П-09/45-9-(НПА), 2018-жылдын 7-декабрындагы N 2018-П-15/52-6-(НПА), 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-09/34-2-НПА токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" жободо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары - Улуттук банк) лицензияланган коммерциялык банктарга Улуттук банктын кредит берүүсүнүн жалпы шарттары жана тартиби аныкталган.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/16 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ликвиддүүлүктү колдоого кредит (мындан ары - кредит) Кыргыз Республикасынын ""Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамына жана ушул Жобого ылайык сунушталат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/16 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кредит банк тутумунун бүтүндүгүн сактоо жана анда туруктуулукту камсыз кылуу, системалуу тобокелдикке бөгөт коюу, банктын ликвиддүүлүгүн колдоо жана аманатчылар таламын коргоо максатында берилет.
4. Банк алган кредитти кызмат адамдарынын депозиттерин (аманаттарын) төлөөгө пайдаланууга укугу жок. Улуттук банк банктын Банк менен байланыштуу жак жана аффилирленген жактарына депозиттердин (аманаттардын) төлөнүшүнө чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/16 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Банк алган кредитти банктын кызматкерлерине сый акылардын/бонустардын бардык түрүн кошо алганда, администрациялык чыгашаларды төлөө үчүн пайдаланууга укугу жок. Мындан тышкары, Улуттук банк банктын администрациялык чыгашаларын кыскартуусу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
6. Кредитти берүү шарттары, канча жолу пролонгациялоого боло тургандыгы, ошондой эле кредит өлчөмү жана мөөнөтү Улуттук банк Башкармасынын чечими менен кабыл алынат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/16 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кредит мөөнөтүндө төлөө, төлөөгө жөндөмдүүлүк өз учурунда кайтарып берүү жана камсыздоо сыяктуу кредиттөөнүн жалпы принциптерин сактоо менен улуттук валютада сунушталат.
8. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/16 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Кредитти кайтарып берүү боюнча милдеттенме күрөө менен камсыздалат. Күрөөгө карата талаптар, анын жетиштүүлүгү көлөмү (пайыздык туюндурууда) күрөөлүк камсыздоонун башка параметрлерине жараша Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет.
10. Банк кредит алуу үчүн Улуттук банктын кароосуна төмөнкү документтерди сунуштоого милдеттүү:
1) кредит алуу максаты так көрсөтүлгөн өтүнүч катты;
2) банктын Башкармасынын жана Директорлор кеңешинин кредит алуу жана талап кылынган кредиттин камсыздоосу катары активдерди жана/же мүлктү сунуштоо жөнүндө чечими;
3) күрөө коюучунун күрөө предметинин менчик укугун жана/же талап коюу укугун тастыктаган документтердин көчүрмөсүн;
4) күрөө предметинин мүнөздөмөсү камтылган жана ага баа берүү боюнча документтерди;
5) Улуттук банк кредит берүү маселесин кароо үчүн зарыл болгон башка документтерди да талап кылууга укуктуу.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-09/34-2-НПА токтомунун редакциясына ылайык)
11. Улуттук банк Башкармасы кредитти берүү маселесин кароонун алдында банк аткарууга тийиш болгон айрым талаптарды белгилөөгө укуктуу.
12. Улуттук банк Башкармасы тиешелүү банкка кредит берүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алган учурда ал тууралуу ошол банкка кат жүзүндө маалымдалууга тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/16 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Кредиттин камсыздоосу
13. Банктын кредитти кайтарып берүү боюнча милдеттенмеси күрөө менен камсыздалат. Кредиттин камсыздоосу катары сунушталган күрөө предмети башка күрөөгө же үчүнчү жакка кайра күрөөгө коюлушу мүмкүн эмес.
14. Төмөнкү түрдөгү күрөөлөр кредиттин камсыздоосу катары колдонулушу мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик баалуу кагаздары жана Улуттук банктын ноталары (мындан ары баалуу кагаздар);
2) Улуттук банктагы же Улуттук банк үчүн алгылыктуу болгон башка финансы-кредит уюмдарына депозиттер;
3) алтын жана башка баалуу металлдар;
4) чет өлкө валюталары;
4-1) орун алган ликвиддүүлүк көйгөйлөрүн жөнгө салуу жана суралып жаткан кредитти төлөө боюнча чараларды чагылдырган, Директорлор кеңеши жана Башкармасы тарабынан бекитилген банктын иш-чаралар планы;
5) банктын кредит портфели боюнча талап коюу укугу;
6) Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген учурларда Улуттук банк үчүн алгылыктуу болгон активдердин жана мүлктөрдүн башка түрлөрү.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/16, 2017-жылдын 25-октябрындагы № 2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14-1. Улуттук банк көзөмөлдөгөн юридикалык жактардын акциялары күрөө предмети боло албайт.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-09/34-2-НПА токтомунун редакциясына ылайык)
15. Күрөө предмети күрөө коюучуга менчик укугунда таандык болууга тийиш жана ага башка милдеттенмелер жүктөлбөөгө тийиш.
16. Күрөөлүк камсыздоонун жетишсиздиги банк муктаж болгон кредит суммасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
III. Кредитти берүү жана аны төлөө тартиби
17. Кредит, кредиттик линияны ачуу боюнча түзүлгөн келишимге ылайык, кредиттик линиянын алкагында транш (кезек менен бөлүп берүү) аркылуу берилиши мүмкүн. Кредитти/траншты (анын бөлүгүн) берүү жөнүндө келишимдин, кредиттик келишимдин жана күрөө келишимдеринин формалары тиркемелерде чагылдырылган.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 2-декабрындагы № 74/4 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Кредиттик линия Улуттук банк Башкармасынын чечими менен мөөнөткө ачылат. Кредиттик линиянын алкагында транш линияны жабуу күнүнөн ашпаган мөөнөткө берилет. Кредиттик линияны жабуу күнү жана/же анын алкагында берилген транштарды жыйынтыктап төлөө күнүн Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча узартылышы мүмкүн.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/16 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Кредиттик линиянын алкагында траншты сунуштоо маселесин кароо банктын транш алууга берген билдирмесинин (мындан ары - билдирме) негизинде ишке ашырылат. Билдирме Улуттук банкка кагаз жүзүндө сунушталууга тийиш. Траншты сунуштоо Улуттук банк менен тиешелүү банк ортосунда түзүлгөн кредит берүү (транш) жөнүндө кредиттик келишимдин негизинде ишке ашырылат.
20. Транштын негизги суммасын жана ага чегерилген пайыздарды төлөө тиешелүү келишимдерде жана кредиттик келишимдерде аныкталган шарттарда ишке ашырылат.
21. Эгерде банк кредит боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткара албай калса, ушул Жобого ылайык берилген кредит максатсыз пайдаланылган болсо, Улуттук банк өз талаптарын күрөө предметинен соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүүнүн эсебинен канааттандырып алууга укуктуу.
Улуттук банк тарабынан берилген каражаттар максатка ылайыксыз пайдаланылган болсо жана/же күрөөлүк камсыздоо, ошондой эле берилген каражаттардын пайдаланылышы боюнча такталбаган маалыматтар берилсе, Улуттук банк ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга жана каражаттардын мөөнөтүнөн мурда кайтарылып берилишин талап кылууга укуктуу
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/16 токтомунун редакциясына ылайык)
IV. Кредит боюнча пайыздарды эсептөө
22. Кредит боюнча пайыздык чен өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет. Кредиттин ар бир транш суммасына пайыздар, сунушталган траншты айкын пайдаланган мезгил үчүн жөнөкөй пайыздар формуласынын негизинде жыл ичиндеги 360 календардык күн эсебинде төмөнкү формула боюнча эсептелинет:
P = (C x I x T)/360/100, мында:
Р - транш боюнча пайыздар суммасы;
С - транштын суммасы (сом);
I - пайыздык чен (жылдык %);
Т - траншты пайдалануу мөөнөтү.
23. Банк сунушталган траншты пайдаланган мезгил ичиндеги айкын календардык күндөрдү эсептөөдө мыйзамдарда белгиленген же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жарыяланган дем алыш жана майрам күндөр эске алынат.
V. Өзгөчө шарттар
24. Улуттук банк кайсыл болбосун убакта, өз ыңгайына жараша банктын ишине текшерүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу.
25. Кредиттик линия колдонулуп жаткан мезгил ичинде банк Келишимде, Кредиттик келишимдерде жана Күрөө келишимдеринде, ошондой эле Улуттук банктын чечимдеринде аныкталган бардык талаптарды так сактоого милдеттүү.
26. Кредиттик линия колдонулуп жаткан мезгил ичинде банк Улуттук банктын чечимдеринде, Келишимде, Кредиттик келишимдерде жана/же Күрөө келишимдеринде аныкталган талаптарды сактабаса, Улуттук банк кредиттик линиянын аракетин токтотууга жана сунушталган транштардын, ага чегерилген пайыздардын мөөнөтүнөн мурда төлөнүшүн талап кылууга укуктуу. Банк милдеттенмелердин ордун мөөнөтүнөн мурда жабуу талабын аткарбай койгон шартта, Улуттук банк күрөө предметинен соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун баштап же Улуттук банктагы корреспонденттик эсептен банктын карызынын ордун жабуу үчүн талап кылынган сумманы акцептсиз тартипте эсептеп алып кое алат.
VI. Жоопкерчилик жана укукка жатпаган аракеттер
27. Улуттук банк, кредит берүү шарттарынын банк тарабынан аткарылбай калышы же алардын толук эмес аткарылышынын кесепетинен келип чыккан кандай болбосун чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
28. Улуттук банк тарабынан кредиттин берилиши банктын милдеттенмелерин өзүнө алуу катары каралууга тийиш эмес.
29. Кредитти алуунун жана аны пайдалануунун кайсыл болбосун баскычында Улуттук банк банкка карата өз ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.
30. Кредиттин максаттуу пайдаланылышы жана анын бардык шарттарынын так сакталышы үчүн жоопкерчилик банкка жүктөлөт.
1-тиркеме
КРЕДИТТИК ЛИНИЯНЫ АЧУУ КЕЛИШИМИ
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 2-декабрындагы № 74/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/16 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бишкек шаары | № _____ | 20__-жылдын "__" ________ |
Мындан ары "Улуттук банк" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 20___-жылынан "____" ______________ № ______________ буйругунун жана Улуттук банк Башкармасынын 20__-жылдын "__" _______ № ___ токтомунун негизинде иш алып барган _________________ бир тараптан жана мындан ары "Банк" деп аталуучунун ___________________ атынан, уставдын негизинде иш алып барган _____________________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип "тараптар" деп аталуучулар, кредиттик линияны ачуу тууралуу ушул келишимди (мындан ары - келишим) түзүштү:
1. Терминдер (атоолор) жана аныктамалар
Ушул келишимдин максатында төмөнкүдөй терминдер колдонулган:
Кредиттөө лимити - ушул келишимге ылайык белгиленген жалпы сумманын чектүү өлчөмү, банк негизги талаптар сакталган шартта, анын чегинде келишим колдонулган мөөнөт ичинде кредит/транш алууга укуктуу.
Негизги талаптар - Улуттук банк Башкармасынын 20__-жылдын "__" _________ № ____ токтому менен бекитилген "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" жободо белгиленген талаптар.
Кредиттөө лимитинен пайдалануу мезгил аралыгы - ушул келишимге кол койгон учурдан тартып ________ жылды камтыган мезгил аралыгы. Ушул аралыкта банк келишим боюнча ачылган кредиттик линиянын алкагында кредит/транш алууга укуктуу.
Кредит/транш - Улуттук банк тарабынан келишимде каралган шарттарда банкка жалпы суммасы кредиттөө лимитинен ашпаган чекте сунушталган акча каражаттары. Кредит/транш банктын билдирмесине ылайык сунушталат. Кредиттерди/транштарды берүү шарттары, аларды сунуштоого тиешелүү кредиттик келишимдерде аныкталат.
Кредиттөө лимитинин пайдаланылбай калган калдыгы - Улуттук банк тарабынан банкка сунушталган акыркы кредиттен/транштан кийин калган, келишим шарттарына ылайык берилген, бирок төлөнө элек (өздөштүрүлүп жаткан) кредиттердин/транштардын жалпы суммалары ортосунда, кредиттөө лимиттеринин айырмасына барабар болгон акча каражаттарынын суммасы. Кредиттөө лимитинин пайдаланыла элек калдыгы лимиттен пайдалануу мезгил ичинде анын өлчөмүнүн чегинде кредит/транш түрүндө банкка сунушталышы мүмкүн.
Кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишим - тараптар ортосунда ушул келишимдин алкагында түзүлгөн келишим, Улуттук банк анын негизинде банкка кредитти/траншты сунуштайт жана ал ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Кредитти/траншты сунуштоо күнү - кредит/транш суммасын банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине которуу күнү.
Кредитти/траншты төлөө күнү - Улуттук банктын эсебине келип түшкөн, негизги карыз, ал боюнча чегерилген пайыздардын жана башка төлөөлөрдүн суммасын кошо алганда, ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча акча каражаттарынын ___-жылдын "__" _________ кечиктирбестен келип түшкөн күнү.
2. Келишим предмети
2.1. Улуттук банк мөөнөтүндө төлөө, өз учурунда кайтаруу, төлөөгө жөндөмдүүлүк, камсыздоонун болушу жана ушул келишимде аныкталган башка шарттарда _______________ суммасындагы (суммасы жазуу жүзүндө) лимит чегинде кредиттик линияны сунуштайт (ачат), ал эми банк кредиттик линиянын алкагында алынган кредиттерди/транштарды Улуттук банкка кайтарып берүүгө, аны пайдалангандыгы үчүн пайыздарды ушул келишимде жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерде каралган шарттарда жана мөөнөттөрдө төлөп берүүгө милдеттенет.
2.2. Кредиттөө лимити менен кредиттик линия ___-жылдан тартып ___-жылга чейин сунушталат (ачылат), анын акырында банк ушул келишимге ылайык кредиттердин/транштардын негизги суммасын, чегерилген пайыздарды жана башка төлөөлөрдү кошо алганда, кредиттер/транштар боюнча карыз ордун толук жабууга тийиш.
2.3. Белгиленген кредиттөө лимитинин алкагында, ушул келишим колдонулган мөөнөт ичинде, бирок лимиттен пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилген мезгил аралыгынан кечиктирбестен банк, кредитти/траншты алууга тиешелүү билдирме берген учурга карата негизги талаптарды так сактаган шартта, лимиттин пайдаланыла элек калдыгынын чегинде кезектеги кредитти/траншты алууга укуктуу. Кредитти/траншты алууга билдирме берген учурга карата банк тарабынан Улуттук банкка сунушталган документтер жана маалыматтар аркылуу негизги талаптардын сакталгандыгы тастыкталат.
2.4. Банктын ушул келишим колдонулган бүтүндөй мөөнөт ичинде алынган кредиттери/транштары боюнча карыз калдыгы, келишимдин 2.1-пунктунда белгиленген кредиттөө лимитинен ашпоого тийиш.
2.5. Улуттук банк тарабынан ушул келишимдин алкагында банкка сунушталуучу кредиттик каражаттар максаттуу багытка каралып, банк тарабынан ликвиддүүлүктү колдоо үчүн гана пайдаланылууга тийиш. Мында, сунушталган кредиттик каражаттар биринчи кезекте жеке адамдардын депозиттерин (аманаттарын) кайтарып берүү талаптарын канааттандырууга багытталышы зарыл.
2.6. Банк, Улуттук банк тарабынан сунушталган кредиттик каражаттарды кредиттөө, баалуу кагаздар рыногунда операцияларды жүргүзүү үчүн пайдаланууга укугу жок. Улуттук банк жеке адамдардын жана юридикалык жактардын депозиттерин (аманаттарын) төлөөнү кошо алганда, банк менен байланыштуу жактар же аффилирленген жактары менен операцияларга чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.
3. Кредиттерди/транштарды берүү тартиби
3.1. Кредиттик линиянын алкагында кредит/транш алуу үчүн банк кредит/транш суммасын, мөөнөтүн жана аны камсыздоо катары сунушталып жаткан активдер тизмегин көрсөтүү менен Улуттук банкка кредит/транш алууга билдирме жөнөтүүгө тийиш.
Банктын кредит/транш алууга билдирмесине анын төмөнкү талаптарга ылайык келишин тастыктаган документтер жана маалыматтар кошо тиркелип берилиши зарыл:
3.2. Кредит/транш ушул келишим түзүлгөн учурдан кийинки ______ айдан ашпаган мөөнөттө берилиши мүмкүн.
3.3. Улуттук банк тарабынан кредиттер/транштар тиешелүү кредиттик келишимдерди тариздөө менен сунушталат. Кредиттик келишимдерде кредитти/траншты берүүнүн айкын шарттары, акча каражатынын өлчөмү (суммасы), мөөнөтү, пайыздык чени, кредит/транш боюнча негизги карыз суммасын жана пайыздарды төлөө шарттары чагылдырылууга тийиш. Мындан тышкары, кредиттик келишимдерде ушул келишимге шилтеме келтирилиши зарыл.
3.4. Банк Улуттук банктын кредит/транш алуу боюнча зарыл документтерди сунуштоого тиешелүү бардык талаптарын так сактоого милдеттүү. Улуттук банк кредит/транш алууга билдирме боюнча кошумча документтерди жана маалыматтарды банктан талап кылууга укуктуу.
3.5. Кредит/транш негизги талаптарга ылайык, бардык зарыл материалдар жана документтер иликтенип чыккандан кийин гана Улуттук банк тарабынан сунушталат.
Улуттук банк сунушталган документтердин толуктугун, негиздүүлүгүн жана талапка ылайык келишин карап чыккандан кийин, ушул келишим шарттарын так сактоо менен өз ички жол-жоболоруна ылайык, кредит/транш берүү же андан баш тартуу чечимин кабыл алат.
3.6. Кол коюлган кредиттик келишимге ылайык, күрөө жөнүндө келишимин каттоодон өткөндүгү тууралуу тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын тастыктамасы Улуттук банкка берилгенден кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде кредит/транш банкка сунушталат. Кредит/транш Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча күрөө келишимдери ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөртүлүп бүткөнгө чейин эле банкка сунушталышы мүмкүн.
4. Кредитти/траншты пайдалангандыгы үчүн пайыздарды жана башка суммаларды эсептөө, чегерүү жана төлөө шарттары
4.1. Улуттук банк тарабынан сунушталган кредитти/траншты пайдалангандыгы үчүн банк Улуттук банкка пайыздарды төлөп берүүгө милдеттенет. Пайыздар кредиттин/транштын негизги суммасы боюнча карыз калдыгына чегерилет.
Улуттук банктын кредит боюнча пайыздык чени катталган болуп саналат жана жылдык ____ пайыз өлчөмүндө белгиленет.
4.2. Кредитти/траншты пайдалангандыгы үчүн пайыздарды чегерүү жана төлөө ай сайын ишке ашырылып турат.
4.3. Пайыздар, кредит/транш сунушталган күндөн тартып (ошол күндү кошо алганда) жыл ичинде 360 күн жана ай ичиндеги күндөрдүн айкын санына жараша, кредитти төлөө күнүнө чейинки (ошол күндү эске албастан) кредит/транш боюнча карыз калдыгына чегерилет.
4.4. Кредит/транш боюнча карыздын негизги суммасын төлөө, ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү бүткөн жумуш күнүнөн кечиктирбестен, бир жолу ишке ашырылат.
4.5. Өз-өзүнчө кредиттер/транштар боюнча негизги карызды жана аларга чегерилген пайыздарды төлөө тартиби кредитти/траншты берүү жөнүндөгү өзүнчө кредиттик келишимде аныкталат.
4. Тараптардын укуктары жана милдеттери
5.1. Улуттук банктын укуктары жана милдеттери:
5.1.1.Улуттук банк ушул келишимге жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык, кредитти/траншты берүү боюнча бардык зарыл иш-аракеттерди өз убагында аткарууга милдеттенет.
5.1.2. Улуттук банк, ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча банк өз милдеттенмелерин аткарышы үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган кандай болбосун башка чараларды көрүүгө да укуктуу.
5.1.3. Улуттук банк ушул келишим колдонулган мезгил ичинде банктын финансылык абалын, кредиттик линиянын камсыздалышы жагдайын, берилген кредиттин/транштын максаттуу пайдаланылышын текшерүүгө алуу үчүн зарыл чараларды көрүүгө укуктуу.
5.1.4. Улуттук банк кредиттик линиянын камсыздалышы, кредиттин/транштын максаттуу пайдаланылышы боюнча маалыматтарды кошо алганда, тиешелүү суммалардын чегерилгендиги тууралуу төлөм документтеринин банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн жана мониторинг, контролдукту жүзөгө ашыруу максатында башка маалыматтарды талап кылып алууга укуктуу.
5.1.5. Улуттук банк, кредиттер/транштардын негизги суммасы боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн бардык суммаларды, чегерилген пайыздарды, туумдарды жана айыптык төлөмдөрдү ушул келишимде, кредитти/траншты берүү боюнча кредиттик келишимдерде каралган башка суммаларды, банктын аталган келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарууну, банк менен Улуттук банк ортосунда ушул келишимди жана кредит/транш боюнча кредиттик келишимдердин аткарылышын камсыздоо үчүн түзүлгөн күрөө келишимдеринин шарттарын жана анда каралган жоболорду бузууга жол беришинин кесепетинен Улуттук банк тарткан чыгымдарды жана чыгашаларды кандай болбосун валютада (кредит/транш берилген валютадан көз карандысыз) Банктын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсебинен банктын макулдугусуз эле акцептсиз (талашсыз) тартипте кармап калууга укуктуу.
5.1.6. Эгерде банк Улуттук банктын кошумча камсыздоону сунуштоо же болбосо ушул келишимдин жана кредит/транш боюнча кредиттик келишимдердин камсыздоосу катары сунушталган күрөө предметин алмаштыруу талабын аткарбаса, Улуттук банк кредит/транш боюнча негизги сумманы, ал боюнча чегерилген пайыздарды, айыптык төлөмдөрдү жана санкцияларды же жетпей калган камсыздоого эквиваленттүү болгон сумманы кошо алганда, ушул келишим, кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча банктын бүтүндөй карызын же алардын бөлүгүн банктын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсебинен акцептсиз (талашсыз) тартипте эсептеп алып коюуга укуктуу.
5.1.7. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттары акцептсиз (талашсыз) тартипте эсептен алынып коюлган учурда, ошол акча каражаттарын банкка берилген кредиттин/транштын валютасына конвертациялоо (которуу) Улуттук банк тарабынан эсептеп алып салуу күнүнө карата белгиленген расмий курска ылайык ишке ашырылат.
5.1.8. Улуттук банк, ушул Келишимде, кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерде жана Улуттук банк менен банк ортосунда ушул келишимге ылайык түзүлгөн күрөө келишиминде каралган учурларда, Улуттук банкка сунушталган күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу.
5.1.9. Улуттук банк төмөнкү учурларда, бир тараптуу негизде кредитти/траншты берүүдөн баш тартууга жана/же аны берүүнү токтотуп турууга жана/же ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча милдеттенмелердин аткарылышын талап кылууга, анын ичинде кредит/транш боюнча негизги карызды, аларды пайдаланган айкын мезгил үчүн пайыздарды жана ушул келишимге жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык, Улуттук банкка төлөнүүгө тийиш болгон башка суммаларды төлөөнү талап кылууга укуктуу:
1) банк кредитти/траншты максатсыз пайдаланган учурда;
2) банк ушул келишимге жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык Улуттук банк талап кылган документтерди жана маалыматтарды бербей койгон болсо же убагында бербесе;
3) банк ушул келишимге жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай койсо же талаптагыдай аткарбаса;
4) банк кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык карызды төлөө графигин бузууга жол берген болсо;
5) ушул келишимге ылайык Улуттук банк тарабынан банк үчүн ачылган кредиттик линиянын камсыздоосу катары сунушталган күрөөлүк мүлк боюнча түзүлгөн келишимдердин жоболорунун банк тарабынан бузууга жол берилиши учурунда;
6) расмий маалыматтарга жана ыйгарым укуктуу органдардын банктын финансылык абалы олуттуу начарлап жаткандыгы тууралуу маалыматына негизденген маалыматтар же ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча банк Улуттук банк алдындагы өз милдеттенмелерин аткара албай калышын же талаптагыдай аткарбашын шарттаган жагдайлардын орун алышы тууралуу Улуттук банктын колунда маалыматтар болсо;
7) эгерде ушул келишимге жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык банк тарабынан Улуттук банкка сунушталган маалыматтар так же толук эмес, олуттуу негизде бурмаланган жана/же жалган маалыматтардан болсо.
5.1.10. Ушул пункттун 5.1.9-пунктчасында көрсөтүлгөн талаптар жөнүндө Улуттук банк банкка кат жүзүндө билдирүүгө тийиш.
Эгерде Улуттук банк ушул пункттун 5.1.9-пунктчасында көрсөтүлгөн себептер боюнча кредитти/траншты берүүнү токтоткон шартта, ал ушул келишимге ылайык ачылган кредиттик линия боюнча кредиттөө лимитинин пайдаланылбай калган калдыгына тыюу салып, кредиттер/транштар боюнча негизги суммаларды, аларды айкын пайдаланган мезгил үчүн чегерилген пайыздарды мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү банктан талап кылууга жана бул тууралуу банкка кат жүзүндө маалымдоого укуктуу. Банк Улуттук банктын билдирме катында камтылган талаптарды, эгерде анда башка мөөнөт көрсөтүлбөсө, тиешелүү билдирмени алгандан кийинки 5 (беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен аткарууга милдеттүү.
Улуттук банк кредиттик линия боюнча кредиттөө лимитинин пайдаланылбаган калдыгына бир тараптуу негизде тыюу салган шартта, сунушталган өзгөртүүлөр кат жүзүндөгү билдирмеде көрсөтүлгөн күндөн тартып күчүнө кирет.
5.2. Банктын укуктары жана милдеттери:
5.2.1. Банк пландаштырылган төлөө күнүнө чейинки үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен ал тууралуу Улуттук банкка алдын ала маалымдоо менен ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча пайыздарды мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укуктуу.
5.2.2. Банк ушул келишимге жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык Улуттук банктан алынган акча каражаттарын, ушул келишимдин 2.5-пунктунда жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдердин тиешелүү пункттарында белгиленген максаттуу багыттарга гана пайдаланууга милдеттүү.
5.2.3. Банк ушул келишимге жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык Улуттук банк талап кылган маалыматтарды жана документтерди толук көлөмдө, тиешелүү формада, убагында берүүнү кошо алганда, ушул келишимге жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык, Улуттук банктын бардык талаптарын учурунда аткарууга милдеттүү.
5.2.4. Банк ушул келишим колдонулган мөөнөт ичинде Улуттук банк алдындагы өз милдеттенмелеринин камсыздоо үчүн сунуштаган мүлкүн жана/же талап кылуу укугун кайра күрөөгө коюуга же башка милдеттенмелерди ага жүктөөгө укугу жок.
5.2.5. Банк ушул келишимге жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык, алынган кредиттердин/транштардын негизги суммасын жана чегерилген пайыздарды, бекитилген төлөө графигине ылайык толук көлөмдө өз учурунда төлөөгө милдеттенет.
5.2.6. Банк ушул келишимге жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык Улуттук банк алдындагы өз милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоо үчүн сунушталган күрөөлүк мүлктүн толук сакталышын камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды өз учурунда көрүүгө милдеттенет.
5.2.7. Банк ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча Улуттук банк алдындагы өз милдеттенмелерин, алынган кредиттер/транштар боюнча негизги суммалардын, аларга чегерилген пайыздардын жана башка суммалардын кайтарылып берилишине кесепетин тийгизиши мүмкүн болгон бардык жагдайлар, анын ичинде төмөнкү жагдайлар боюнча дароо Улуттук банкка маалымдоого милдеттенет:
- банкка карата үчүнчү жактардан ушул келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттөө лимити суммасынын 10 (он) пайызына барабар жана андан ашкан суммада кине коюулар жана/же доо арыздары түшкөндүгү тууралуу; ушул келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттөө лимити суммасынын 10 (он) пайызына барабар же андан ашкан суммада акча каражаттарынын төлөнүшү боюнча жооп берүүчү же кошо жооп берүүчү катары банк катышып жаткан соттук териштирүүлөр жөнүндө; ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын банкка карата мажбурлоо чараларын жана санкцияларды колдонуп жаткандыгы жана ушул келишим боюнча Улуттук банк алдындагы өз милдеттенмелерин аткарышына таасир этиши мүмкүн болгон бардык башка жагдайлар тууралуу;
- банктын мүлкүнө, анын ичинде күрөө келишимине ылайык Улуттук банк алдындагы өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн банк сунуштаган мүлккө арест коюлгандыгы тууралуу.
5.2.8. Банк кредиттер/транштар боюнча негизги суммаларды жана аларга чегерилген пайыздарды ушул келишимде жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерде белгиленген мөөнөттө толук көлөмдө төлөп берүүгө, анын ичинде ушул келишимдин 5.1-пунктунун 5.1.9-пунктчасында белгиленген жагдайлардын келип чыгышына байланыштуу банкка тиешелүү билдирме жөнөтүлгөн шартта, келишимдин 5.1-пунктунун 5.1.10-пунктчасына ылайык аларды мөөнөтүнөн мурда төлөөгө милдеттенет.
6. Банктын кредиттик линия боюнча өз милдеттенмелерин аткарышын камсыздоо
6.1. Банк тарабынан ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык алынган кредиттердин/транштардын негизги суммасын, алар боюнча чегерилген пайыздарды жана ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча башка жыйымдарды/төлөмдөрдү, айыптык төлөмдөрдү, туумдарды жана башка төлөөлөрдү кайтарып берүү боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин камсыздоосунан болуп, күрөө келишимине ылайык банкка менчик укугунда таандык болгон _______________ саналат. Ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча өз милдеттенмесинин камсыздоосу катары Улуттук банкка күрөөгө сунушталган мүлктөрдүн айкын тизмеги банк менен Улуттук банк ортосунда түзүлгөн күрөө келишимдеринде көрсөтүлөт.
6.2. Банктын күрөө предметинен болуп саналган мүлкү тараптардын өз ара макулдугу боюнча анын башка мүлкүнө алмаштырылышы мүмкүн.
6.3. Күрөө келишиминде негизги милдеттенме катары ушул келишимге шилтеме камтылууга тийиш.
6.4. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык каттоодон өткөртүлүүчү күрөөлүк мүлк, күрөө келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде ыйгарым укуктуу органда катталууга тийиш.
6.5. Эгерде банк ушул келишимде жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерде белгиленген өз милдеттенмелерин аткарбаса же талаптагыдай аткара албай калса, ошондой эле ушул келишимде жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерде каралган башка учурларда, банк Улуттук банк алдындагы өз милдеттенмелерин аткарбаган же аткара албай калгандан кийинки күндөн тартып алынган кредиттердин/транштардын негизги суммасын, алар боюнча чегерилген пайыздарды жана айыптык санкцияларды жана башка төлөөлөрдү кошо алганда, орун алган карыздын ордун толук жабуу үчүн жетиштүү болгон суммадагы акча каражаттарын Улуттук банктагы өз корреспонденттик эсебинен акцептсиз (талашсыз) тартипте алып коюуга Улуттук банкка укук чегерет.
Ушул келишим боюнча банктын карызынын ордун жабуу үчүн жетиштүү суммадагы акча каражаттарын банктын корреспонденттик эсебинен акцептсиз (талашсыз) тартипте эсептеп алып коюуга сунушталган укук, Улуттук банктан алынган кредиттер/транштар боюнча банктын кошумча камсыздоосунан болуп саналат.
Улуттук банк ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча өз талаптарын, банк тарабынан сунушталган күрөөгө карабастан, толук көлөмдө канааттандырып алуу үчүн ушул укуктан пайдаланууга укуктуу.
6.6. Улуттук банк банк тарабынан күрөөгө коюлган мүлктөн соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүү жана күрөө келишимдеринде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттарга жана талаптарга ылайык, күрөө предметин соттук эмес тартипте сатып өткөрүү аркылуу өз талаптарын толук көлөмдө канааттандырып алууга укуктуу.
Банктын күрөөлүк мүлкүн сатып өткөрүүдөн түшкөн сумма Улуттук банктын талаптарын толук канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, жетпеген сумманы ал банктын башка мүлкүнөн өндүрүп алууга укуктуу.
6.7. Банк/күрөө коюучу күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү, ошондой эле Улуттук банктагы корреспонденттик эсептен акча каражаттарын акцептсиз (талашсыз) тартипте эсептеп алып коюу чараларын жүзөгө ашырууда Улуттук банкка тоскоолдук кылууга укугу жок. Эгерде акча каражаттарын өндүрүп алууда банк/күрөө коюучу тоскоолдуктарга жол берген болсо, Улуттук банк өз талаптарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук көлөмдө сот тартибинде өндүрүп алууга укуктуу. Бул учурда Улуттук банктын бардык чыгашалары, анын ичинде соттук чыгашалар банкка/күрөө коюучуга жүктөлөт.
7. Тараптардын жоопкерчиликтери
7.1. Улуттук банк ушул келишимге жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык, кредит берүү жагындагы милдеттенмелери үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.
7.2. Улуттук банк ушул келишимдин 3.6-пунктунда каралган мөөнөттө банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине кредиттин/транштын суммасын өз убагында чегере албай калган шартта, банкка кредиттин/транштын суммасынын __% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү төлөп берүүгө тийиш.
7.3. Ушул келишимге жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык алынган кредиттик каражаттар банк тарабынан максатсыз пайдаланылган шартта, банк келишимдерге ылайык алынган кредиттин/транштын суммасынан __% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү төлөөгө тийиш. Мында, банк Улуттук банктын кат жүзүндө билдирмесин алгандан кийинки 5 (беш) жумуш күнү кредиттин/транштын бүтүндөй суммасын кайтарып берүүгө милдеттүү.
7.4. Банк тарабынан кредиттин/транштын негизги суммасын, алар боюнча пайыздар жана ушул келишим, кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерден улам келип чыккан башка төлөмдөр кечиктирилип жана/же толук эмес чегерилген шартта, банк төлөмдөр кечиктирилгенден кийинки күндөн тартып, алар толук төлөнгөнгө чейинки ар бир күн үчүн мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз суммасынан __% өлчөмүндө туум түрүндө айыптык төлөм төлөөгө тийиш.
7.5. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызга пайыздар айкын күндөрдүн санынан жараша чегерилет.
7.6. Эгерде банк, кредитти максаттуу пайдалануу боюнча отчетторду жана ушул келишимге жана банк менен Улуттук банк ортосунда түзүлгөн күрөө келишиминде каралган, күрөөлүк камсыздоо боюнча маалыматтарды, ошондой ушул келишимге, кредитти/траншты берүү жөнүндө келишимдерге ылайык Улуттук банк кошумча талап кылган маалыматтарды жана документтерди, белгиленген мөөнөттөрдү жана сунуштоо формаларын бузуу менен сунуштаса же толук эмес көлөмдө, бурмаланган же такталбаган түрдө берген болсо, банк ушул келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттөө лимитинин суммасынын ___ пайызы өлчөмүндө айыптык төлөмдү, отчетторду/маалыматтарды талаптагыдай сунуштабаган ар бир учур үчүн Улуттук банкка төлөп берүүгө тийиш.
7.7. Айыптык төлөмдөрдү жана туумдарды төлөө, банкты ушул келишим боюнча өз милдеттенмелерин толук аткаруудан бошотпойт.
7.8. Улуттук банктан алган акча каражаттарын кайтаруу мөөнөтүн кошо алганда, анын ичинде форс-мажордук жагдайлар келип чыккан шартта, келишим мөөнөттөрү Улуттук банк Башкармасынын чечиминин негизинде гана узартылышы мүмкүн.
8. Өзгөчө шарттар, гарантиялар
8.1. Банк ушул келишимге кол коюу менен төмөнкүлөрдү тастыктайт жана гарантиялайт:
а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак катары өз атынан ушул келишимди жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерди түзүүгө укуктуу экендигин;
б) ушул келишимдин жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдердин маани-маңызы жана алардын шарттарын аткаруу, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын же ченемдик укуктук актыларын, соттун банк ишине тиешелүү чечимдерин жана банктын уставын бузууга жол берүүнүн себеби болбой тургандыгын;
в) банк Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын __-_________ № ____ токтому менен бекитилген "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" жобонун талаптары менен толук таанышып чыккандыгын.
8.2. Жердин силкиниши жана ушундай эле башка табигый кырсыктар, мамлекеттик органдардын иш-аракеттери жана кабыл алган чечимдери, эл аралык келишимдердин күчүнө кириши, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын кабыл алынышы, согуш аракеттери жана массалык башаламандык сыяктуу күтүүсүз келип чыккан, ушул келишимдин тараптарынан көз каранды болбогон жана алар ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарууга тоскоолдук кылган жагдайлар келип чыккан шартта, милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү ушул келишимдин 7.8-пунктунда каралган шарттар толук сакталган учурда, форс-мажордук жагдай орун алган учурга шайкеш жылдырылат.
8.3. Ушул келишимдин эки тарабы дароо, 2 (эки) жумуш күнү ичинде ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарууга тоскоолдукту жараткан форс-мажордук жагдайлар келип чыккандыгы жана ал четтетилгендиги тууралуу бири-бирине оозеки жана кат жүзүндө маалымдоого тийиш.
8.4. Тараптардын бири форс-мажордук жагдайдын кесепетинен улам ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча өз милдеттенмелерин аткара албай калса жана ал аны четтетүү үчүн бардык зарыл чараларды өз учурунда көргөн болсо, бул жагдай келишимди жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерди бузгандык катары каралбайт.
9. Талаш маселелерди чечүү тартиби
9.1. Ушул келишимдин талаптарын аткаруунун жүрүшүндө тараптар ортосунда келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимди иштеп чыгуу максатында сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынууга тийиш.
9.2. Сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилиши зарыл.
10. Корутунду жоболор
10.1. Улуттук банк менен банк ортосунда түптөлгөн мамилелер купуя мүнөзгө ээ болууга тийиш. Тараптар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул келишимде түздөн-түз каралган же башка тараптын ага макулдугу болгон шарттарды эске албаганда, ушул келишимдин талаптарын аткаруу учурунда алынган маалыматтарды үчүнчү жакка билдирүүгө укугу жок.
10.2. Жалпыга маалым болгон, ошондой эле расмий жарыяланган отчеттордо, жарнамаларда жана материалдарда камтылган маалыматтар купуя маалыматтарга кирбейт.
10.3. Банк ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча Улуттук банк алдында аз милдеттемелерин аткара албай калган же талаптагыдай аткарала албай калган учурда ушул келишим боюнча маалыматтардын үчүнчү жактарга берүүсүнө Улуттук банкка укук ыйгарат.
10.4. Ушул беренеде каралган купуялуулуктун сакталышы шарты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча талап коюу укугун жана милдеттерди кошо алганда, укукту ыйгарып берүү учурларына таркатылбайт.
10.5. Бул келишимге кошумча келишимдерди түзүү же кат аркылуу, же болбосо башкача негизде өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн жана алар келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп калат.
10.6. Бул келишим анда каралган учурларды эске албаганда, бир тараптуу негизде өзгөртүлүшү, толукталышы же токтотулушу мүмкүн эмес.
10.7. Келишимдин бардык шарттарын жана жоболорун тараптар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш.
10.8. Тараптар банктык реквизиттери өзгөртүлө тургандыгы тууралуу бири-бирине 5 (беш) календарлык күн мурда кат жүзүндө маалымдоого милдеттенишет. Банктык реквизиттердин өзгөргөндүгү тууралуу өз учурунда маалымдабагандыктан улам келип чыккан тобокелдик үчүн жоопкерчилик ага жол берген тарапка жүктөлөт.
10.9. Тараптар өзгөрүп түзүлгөн же жоюлган шартта, алардын бардык укуктары жана милдеттери укугу өткөн тарапка өтөт.
10.10. Ушул келишимдин негизинде түзүлгөн кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишим анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана келишимдин бардык жоболору аларга да таркатылат.
10.11. Келишим тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана ушул келишим кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча банк Улуттук банк алдындагы бардык өз милдеттенмелерин келишимдерде каралган мөөнөттөрдө толук аткарганга чейин колдонулат.
10.12. Келишим ар бир тарап үчүн бирден, бирдей юридикалык күчкө ээ 3 (үч) нускада түзүлгөн. Анын эки нускасы күрөөнү каттаган ыйгарым укуктуу органдарга берилет.
11. Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана кол тамгалары
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Чүй проспекти 168. Кызмат орду ___________________________ (кол тамгасы) _________________ М.О. |
| ________________________ ААКсы/ЖАК Коммерциялык банк Бишкек шаары, ________________ көчөсү. Улуттук банктагы корреспонденттик эсеби № ___ Улуттук банктагы БИК № _____ ИНН № ________________ ОКПО № _________________ ГНИ коду: ___________________ Кызмат орду __________________ (кол тамгасы) ________________ М.О. |
2-тиркеме
№ ____ кредиттик линияны ачуу жөнүндө келишимге карата № ____ КРЕДИТТИК КЕЛИШИМ
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 2-декабрындагы № 74/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/16 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бишкек шаары |
| 20__-жылдын "__" __________ |
Мындан ары "Улуттук банк" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 20___-жылынан "____" _____________ № ____________ буйругунун жана Улуттук банк Башкармасынын 20__-жылдын "__" _________ № ___ токтомунун негизинде иш алып барган ________________ бир тараптан жана мындан ары "Банк" деп аталуучу, _________________ атынан __________________ негизинде иш алып барган ___________________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар төмөнкүлөр боюнча ушул кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимди (мындан ары - кредиттик келишим) түзүштү:
1. Кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишим предмети
1.1. Улуттук банк, 20__-жылдын __-____________ № _____ кредиттик линияны ачуу жөнүндө келишимдин (мындан ары - келишим) жана ушул кредиттик келишимдин негизинде аларда каралган шарттарда ________________ сом суммасында (суммасы жазуу жүзүндө) банкка кредитти/траншты сунуштайт.
2. Кредитти/траншты сунуштоо шарттары
2.1. Кредит/транш ____-жылдын _________ тартып ________ чейинки _______ айга берилет.
2.2. Кредит/транш боюнча акча каражаттары банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерилген күн кредитти/траншты берүү күнү болуп саналат.
2.3. Улуттук банк тарабынан кредит/транш боюнча акча каражаттары, күрөө келишимдери тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каттоодон өткөрүлгөндүгү тууралуу тастыктама Улуттук банкка берилгенден кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде которулат.
2.4. Ушул кредиттик келишимдин алкагында Улуттук банк тарабынан берилген кредиттик каражаттар кредиттик линияны ачуу келишиминин 2.5-пунктунда каралган максаттарга жана анын 2.6-пунктунда каралган шарттарга ылайык пайдаланылууга тийиш.
Банк тарабынан ушул пункттун биринчи абзацында каралган шарттар сакталбаган учурда, ага карата кредиттик линияны ачуу келишиминде каралган чаралар колдонулат.
3. Кредитти/траншты пайдалануу шарттары
3. Банк кредитти/траншты пайдалангандыгы үчүн Улуттук банкка кредиттик келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн бүтүндөй мөөнөт ичинде жылдык ____ пайыз өлчөмүндө катталган пайыздык ченди төлөп турат.
3.1. Кредитти/траншты пайдалануу үчүн пайыздарды чегерүү жана төлөө ай сайын жүргүзүлөт. Пайыздар кредиттик линияны ачуу келишимине ылайык чегерилип турат.
3.2. Кредит/транш боюнча негизги сумманы төлөө кредиттик келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин бир жолу ишке ашырылат.
3.3. Кредит/транш боюнча бүтүндөй негизги сумманы жана бардык пайыздарды төлөө ушул кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган төлөө графигине ылайык (кредиттик келишимге карата тиркеме) жүргүзүлөт.
3.4. Кредиттин/транштын негизги суммасы жана ага чегерилген пайыздар боюнча жыйынтык эсептешүү _______ жылы ишке ашырылат.
3.5. Эгерде кредиттин/транштын негизги суммасын жана аларга чегерилген пайыздарды жана/же башка төлөмдөрдү (айыптык төлөмдөрдү, туумдарды ж.б.) төлөө күнү майрам күндөрүнө, иш эмес же дем алыш күндөрүнө туура келип калса, анда бул төлөмдөр кийинки жумуш күнү төлөнүүгө тийиш.
3.6. Кредит/транш боюнча пайыздар жана башка төлөөлөр жыл ичиндеги 360 күн жана ай ичиндеги күндөрдүн айкын санына жараша эсептелинет.
Кредит/транш боюнча негизги сумманы, аларга чегерилген пайыздарды жана башка (айыптык төлөмдөрдү, туумдарды ж.б.) төлөөлөр боюнча төлөмдөрдү банк Улуттук банктагы тиешелүү эсепке чегерет (негизги карыз боюнча сумма № ___________, пайыздык төлөмдөр боюнча сумма № ______________).
4. Күрөөлүк камсыздоо
4.1. Банк тарабынан ушул кредиттик келишим боюнча алынган кредиттин/транштын негизги суммасын жана аларга чегерилген пайыздарды, кредиттик келишим жана кредиттик линияны ачуу келишиминде каралган башка төлөөлөрдү, айыптык төлөмдөрдү, туумдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышынын күрөөлүк камсыздоосунан болуп ________________ саналат. Банктын ушул кредиттик келишим жана кредиттик линияны ачуу боюнча келишимге ылайык өз милдеттенмесин камсыздоо катары Улуттук банкка өткөрүп берген мүлкүнүн айкын тизмеги банк менен Улуттук банк ортосунда түзүлгөн күрөө келишиминде көрсөтүлүүгө тийиш.
5. Башка шарттар
5.1. Ушул кредиттик келишимде каралбаган башка шарттар, тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери кредиттик линияны ачуу келишимине ылайык жөнгө салынат.
5.2. Ушул кредиттик келишимге карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор, кошумча келишим формасында сунушталат жана ал кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
5.3. Ушул кредиттик келишим жана анын тиркемелери Улуттук банк менен банк ортосунда, ар бир тарап үчүн бирден, бирдей юридикалык күчкө ээ 3 (үч) анык нускада расмий тилде түзүлгөн, кредиттик линияны ачуу келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Анын 1 (бир) нускасы күрөөнү каттоодон өткөргөн тиешелүү ыйгарым укуктуу органга сунушталат.
6. Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана кол тамгалары
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Чүй проспекти 168. Кызмат орду ______________________ (кол тамгасы) ______________ М.О. |
| _________________________ ААКсы/ЖАК Коммерциялык банк Бишкек шаары, _______________ көчөсү. Улуттук банктагы корреспонденттик эсеби № ____ Улуттук банктагы БИК № _____ ИНН № ____________ ОКПО № ____________ ГНИ коду: ____________ Кызмат орду ___________ (кол тамгасы) _______________ М.О. |
|
| 20__-жылдын __-_________ № ____ кредиттик келишимге карата тиркеме |
КРЕДИТТИ ТӨЛӨӨ ГРАФИГИ
Кредиттин суммасы: _____________ сом
Пайыздык чени (жылдык): ___%
Пайыздарды төлөө: ар ай сайын
Эсеп алынган жыл: 360 күн
Кредиттин мөөнөтү: ______ күн
Кредит берүү күнү: 20__-жылдын "__" ________
Кредит төлөнгөн күн: 20__-жылдын "__" _________
Айлар | Төлөө күнү | Пайыздарды төлөө(*) | Негизги сумманы төлөө | Бардыгы болуп, төлөөгө каралган сумма |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгында |
|
|
|
(*) пайыздарды эсептөөдө кредит пайдаланылган айкын күндөрдүн саны алынат.
Улуттук банк: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
| Банк: "Коммерциялык банк" ААКсы/ЖАК |
Кызмат орду ____________________ (кол тамгасы) _________________ М.О. |
| Кызмат орду _____________________ (кол тамгасы) __________________ М.О. |
3-тиркеме
____-жылдын "__" _________ № ___ кредит/транш сунуштоо жөнүндө кредиттик келишимге карата
№ ____ КҮРӨӨ КЕЛИШИМИ (Баалуу кагаздар)
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 2-декабрындагы № 74/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/16, 2017-жылдын 25-октябрындагы № 2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бишкек шаары | № ______ | _________-жыл |
Мындан ары "Улуттук банк" же "Күрөө кармоочу" деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 20___-жылынан "____" _____________ № ___________ буйругунун жана Улуттук банк Башкармасынын ____-жылдын "__" ________ № ____ токтомунун негизинде иш алып барган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бир тараптан, жана мындан ары "Банк" же "Күрөө кармоочу" аталуучу, уставдын негизинде ___________________ атынан иш алып барган __________________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар төмөнкүлөр боюнча ____-жылдын "__" _________ № ____ кредиттик келишимге карата Күрөө келишимин (мындан ары - Келишим) түзүштү:
1. Келишим предмети
1.1. Күрөө кармоочу күрөө коюучуга № ____ кредиттик линия ачуу жөнүндө келишим (мындан ары - Кредиттик линия ачуу жөнүндө келишим) боюнча ачык кредиттик линиянын алкагында ____-жылдын "__" _________ кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге (мындан ары - Кредиттик келишим) ылайык __________ сом өлчөмүндө (суммасы жазуу түрүндө) кредит сунуштайт. Кредиттин/транштын ордун жабуу жана аларга пайызды чегерүү боюнча акыркы мөөнөт ____-жылы башталат.
1.2. Күрөө коюучу кредиттик келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу максатында күрөө кармоочуга төмөнкү чыгарылыштагы жана төмөнкү көлөмдөгү ____________ (сумма жазуу түрүндө) сом өлчөмүндөгү жалпы номиналдык нарктагы төмөндө келтирилген баалуу кагаздарды өткөрүп берет.
| Каттоо номери | Баалуу кагаздар чыгарылган күн | Баалуу кагаздардын орду жабылган күн | Баалуу кагаздардын саны (даана) | Баалуу кагаздардын номиналдык наркы (сом) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгында: |
|
|
| |