Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/2 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

ТОКТОМ

2016-жылдын 5-февралы № 5/3

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен своп-операцияларын (эсептелинген) жүргүзүү тартиби жөнүндө" убактылуу жобону бекитүү тууралу

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 4, 5 жана 34-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен своп-операцияларын (эсептелинген) жүргүзүү тартиби жөнүндө" убактылуу жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Абдыгулов