Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 49 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 17-октябрындагы № 216 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын шайлоосун жана референдумун өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө Жобо
(КР Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 4-июлундагы №200, 2017-жылдын 15-сентябрындагы №452, 2020-жылдын 4-февралындагы №30 токтомдорун редакцияларында)
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – БШК) ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
1.2. Айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыздоо ушул Жобонун максаты болуп саналат, ал категорияларга төмөнкүлөр кирет:
– ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандар;
– добуш берүү күнү социалдык кызмат көрсөтүү жана саламаттык сактоо уюмдарында жана мекемелеринде жүргөн шайлоочулар;
– чакыруу жана контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
– кылмыш жасоого шектүү жана айыпталуучу катары кайтаруудагы кармоо жерлериндеги шайлоочулар.
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 4 февралындагы №30 токтомунун редакциясында).
“1.3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, уюмдар жана ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоочулардын ушул категориядагы жарандарына шайлоо укуктарын камсыздоого шайлоо комиссиясына көмөк көрсөтөт. Социалдык-стационардык мекемелерде, саламаттык сактоо мекемелеринде жана уюмдарында, шектүү жана айыптуучу катары кайтарууда кармоочу жайларда жүргөн, Башкы штабдын окуу жайларындагы шайлоочуларды, чакыруу же контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жүргөн аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды эсепке алуу үчүн, жогоруда көрсөтүлгөн мекемелер карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ар бир жылдын 1-февралына жана 1-августуна карата көрсөтүлгөн шайлоочулардын анык саны жөнүндө маалыматты БШКга берип турууга милдеттүү. Форма БШК тарабынан бекитилет жана облус, район, калктуу конуш боюнча мекеменин (ишкананын) аталышы, жайгашкан жери жана мекемелердеги (ишканалардагы) айрым категориядагы жарандардын – шайлоочулардын саны, орундардын саны жөнүндө маалыматтарды камтыйт.”;
Бул Жобо төмөнкүлөрдүн өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт:
– шайлоо комиссияларынын;
- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын (мындан ары – МКК);