Загрузка документа…
КР Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 15-августундагы № 57 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 151 токтому менен бекитилген |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө ЖОБО
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 11-февралындагы № 43 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө" ушул Жобо (мындан ары - Жобо) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоонун тартибин жана шарттарын жөнгө салат. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланбаган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар шайлоону маалыматтык камсыз кылууга расмий маалыматтарды жана шайлоо алдындагы үгүттөөнүн белгилери камтылбаган маалыматтык (жаңылыктар) кабарларды чагылдыруу аркылуу гана катышууга укуктуу.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 11-февралындагы № 43 токтомунун редакциясына ылайык)
1.2. Бул Жобонун максаты эркин шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда демократиялык негиздерди эл аралык шайлоо стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыңдоо, шайлоо системасына жана шайлоо институтуна карата коомдук ишенимди арттыруу, шайлоочулардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын маалыматтык кепилдиктерин камсыз кылуу болуп саналат.
1.3. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө", "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө", "Маалыматка жеткиликтүүлүктүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө", "Тынч чогулуштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, башка мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) токтомдорунун жана чечимдеринин талаптарына ылайык иштелип чыкты.
2. Жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоонун шарттары жана тартиби
2.1. Шайлоону дайындоодо, бирок шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоо алдындагы үгүткө катышууга ниетин билдирген телерадио берүү уюмдары, мезгилдүү басылмалардын редакциялары интернет-басылмалардын ээлери эфир убактысын, басма аянтты берүү үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды жарыялоого жана бул маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш.
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 11-февралындагы № 43 токтомунун редакциясына ылайык)
2.2. Шайлоо алдындагы үгүткө катышууга ниетин билдирген жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар ушул бөлүмдүн 2.1-пунктунда белгиленген мөөнөттө төмөнкүдөй документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш:
- шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө билдирүү, анда жалпыга маалымдоо каражатынын жана интернет-басылманын жетекчисинин ФААсын, координаттарын жана байланышуу маалыматтарын көрсөтүү зарыл;
- жалпыга маалымдоо каражатынын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- интернет-басылмалар үчүн юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн же жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;