Загрузка документа…
КР Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 15-августундагы № 58 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 159 токтому менен бекитилген |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларга маалымдоо жана маалыматтарды таратуу жөнүндө жобо
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 11-февралындагы № 42 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларга маалымдоо жана маалыматтарды таратуу жөнүндө ушул Жобо (мындан ары - Жобо) шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдоонун, жарандардын маалыматтарды алууга жана таратууга укуктарынын кепилдиктеринин, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоочуларга маалымдоого мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, интернет-басылмалардын жана шайлоо комиссияларынын катышуусунун тартибин жана шарттарын регламенттейт.
1.2. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө эл аралык шайлоо стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толук ылайыктуулукта демократиялык башталыштарды чыңдоо, шайлоо тутумуна жана шайлоо институтуна карата коомдук ишенимди жогорулатуу, шайлоочулардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын маалыматтык кепилдиктерин камсыз кылуу, шайлоочулардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүн жана шайлоонун айкындуулугун камсыз кылуу ушул Жобонун максаты болуп саналат.
1.3. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам), "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө", "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө", "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө", "Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө", "Тынч чогулуштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, башка мыйзамдардын жана укук-ченемдик актылардын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссия) токтомдорунун жана чечимдеринин талаптарына ылайык иштелип чыкты.
1.4. Ушул Жободо төмөнкү терминдер пайдаланылат:
мамлекеттик органдар - Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык туруктуу негизде түзүлгөн, мамлекеттик бийликтин функцияларын жүзөгө ашырууга, ошондой эле аткаруу үчүн милдеттүү чечимдерди кабыл алууга жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылууга ыйгарым укуктуу, толук республикалык бюджеттен финансылануучу уюмдар, ошондой эле борбордук мамлекеттик органдын функцияларын же функцияларынын бөлүгүн жүзөгө ашыруучу кандай гана болбосун аймактык бөлүм же түзүмдүк бирдик;
шайлоочуларга маалымдоо - шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын, шайлоо участокторунун иши, шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жана өзгөртүүнүн тартиби, добуш берүүгө катышуунун тартиби, добуш берүүнүн тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн жана шайлоонун натыйжаларын аныктоонун тартиби жөнүндө маалыматтарды даярдоо жана жайылтуу боюнча иш; тигил же бул талапкер, саясий партиялар үчүн же аларга каршы шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган жана кандайдыр бир талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга (саясий партияларга) артыкчылык түзбөгөн шайлоо комиссияларынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын талапкер (талапкерлер) жана саясий партия (саясий партиялар) жана алардын программалары жөнүндө расмий маалымат;
маалыматтык материал - шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын, шайлоо участкаларынын иши, шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жана өзгөртүүнүн тартиби, добуш берүүгө катышуунун тартиби, добуш берүүнүн тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыгынын белгилөөнүн жана шайлоонун натыйжаларын аныктоонун тартиби жөнүндө маалыматтар камтылган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар; тигил же бул талапкер, саясий партиялар үчүн же аларга каршы шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган жана кандайдыр бир талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга (саясий партияларга) артыкчылык түзбөгөн талапкер (талапкерлер) жана саясий партия (саясий партиялар) жана алардын программалары жөнүндө шайлоо комиссияларынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын расмий маалыматы;