Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2- февралы № 43
“К.Байсопуевдин дүкөн боюнча жазган арызы, Н.Каримовдун жол боюнча жазган арызын кароо жөнүндө”
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын токтому эске алынып, Байсопиев Кабылга катталган дүкөн жана тиешелүү 8000м.кв жер аянты айыл чарбасында багытталбаган жер аянты катары көрсөтүлүп калгандыктан бул маселени чечүү жагы айыл өкмөттү, райондук мамлекеттик каттоо кызматы, райондук салык башкармалыгынын жана экотехинспекция мамлекеттик мекемеси бириктирген курамда комиссияга сунушталсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын токтому эске алынып, Каримов Нурландын жол боюнча арызын кароодо жеринде тиешелүү документтерге таянып, ал жерде ген планда жол жок экендиги такталып арыз ээсине маалымат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ө. Төрөкуловго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э.Сагынбеков |