Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-февралы № 41
«Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы төрт- түлүк малга зыян келтирген карышкырларды атып келгендерге кызыктыруучу сыйлык берүү жөнүндө»
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы айылдарды аралап төрт-түлүк малга зыян келтирген карышкырларды атып келгендерге кызыктыруучу сыйлык катары айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен ар бир атып келген карышкырга 10000сом өлчөмүндө сыйлык берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |