Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2- февралы № 42
“Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын жашоочуларынын кайрылуусу жөнүндө”
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын жашоочуларынын кайрылуусун эске алып, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы тиш дарылоочу адис И.Адишовдун иштөөсүнө шарт түзүп берүү үчүн райондук тиш даарылоо бөлүмүнө кат жолдоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин Регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Нуржакыповго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |