Бишкек шаары2009-жылдын 24-декабры КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН ЧЕЧИМИ "Аудитордук иш жөнүндө" 2002-жылдын 30-июлундагы Кыргыз Республи-касынын Мыйзамынын 6-беренеси жана 10-беренесинин 4-пункту Конституция-га ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренеси-нин 3-пунктуна, 15-беренесинин 6, 7 жана 11-пункттарына, 82-беренесинин2, 3 жана 4-пункттарына карама-каршы келет деп табуу жөнүндө жаран Абд-раманова Эркингүл Абыловнанын өтүнүчү боюнча. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: Төрагасы С. К.Сыдыко-ва, Төраганын орунбасары А. А.Суталинов, судьялар - А.А.Абдугапаров,С.Н.Демин, А.С.Кененсариев, Ч.Ж.Курбанова, О.Ж.Мамыров, Ч.А. Мусабековажана К.Эсенкановдун курамында, соттук жыйналыштын катчысы Ж.М.Абдылдаеванын, тараптар: жаран Абд-раманова Эркингүл Абыловнанын жана 2009-жылдын 8-октябрындагы ишенимкаттын негизинде аракеттенген анын өкүлү Айткулов Икрамидин Назирович-тин жана 2009-жылдын 14-декабрындагы ишеним каттын негизинде аракеттен-ген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин өкүлү Жусупов МедерКењешовичтин катышуулары менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын85-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Мый-замдын 13-беренесин жана "Кыргыз Республикасынын конституциялык сотөндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 11-беренесин жетекчиликке алып, ачык соттукжыйналышта "Аудитордук иш жөнүндө" 2002-жылдын 30-июлундагы Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамынын 6-беренеси жана 10-беренесинин 4-пункту Консти-туцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-бе-ренесинин 3-пунктуна, 15-беренесинин 6, 7 жана 11-пункттарына, 82-бере-несинин 2, 3 жана 4-пункттарына карама-каршы келет деп табуу жөнүндөжаран Абдраманова Эркингүл Абыловнанын өтүнүчүн карады. Судья К.Эсенкановдун баяндамасын, жаран Э.Абдраманованын жана анынөкүлү И.Н.Айткуловдун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин өкүлүМ.К.Жусуповдун сөздөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып,Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тапты: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2009-жылдын 13-октяб-рында жана 14-декабрында "Аудитордук иш жөнүндө" 2002-жылдын 30-июлун-дагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренеси жана 10-беренесинин4-пункту Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Консти-туциясынын 2-беренесинин 3-пунктуна, 15-беренесинин 6, 7 жана 11-пунк-ттарына, 82-беренесинин 2, 3 жана 4-пункттарына карама-каршы келет дептабуу жөнүндө жаран Абдраманова Эркингүл Абыловнанын өтүнүчү келиптүшкөн. Өтүнүчтү негиздөөгө төмөндөгүдөй жүйөөлөр келтирилген. Уюштуруучу-су жана башкы директору жаран Э.А.Абдраманова болгон "INTERIN-АUDIТ"ЖАКына 2007-жылдын 4-апрелиндеги текшерүүнүн чыныгы жыйынтыктары жөнүн-дө аудитордук отчетто жана 2007-жылдын 7-апрелиндеги ага кошумча ауди-тордук отчетто камтылган "Грин Лайф" ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө тийиштүүболгон маалыматтар чындыкка туура келбейт деп табуу жөнүндө жеке ишкерП.В.Никулин доо арызы менен Бишкек шаарынын район аралык сотуна кайрыл-ган. Бул соттун 2008-жылдын 18-мартындагы чечими менен бул доо арыз ка-нааттандырылган. Бишкек шаардык сотунун административдик жана экономи-калык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 26-июнундагы анык-тамасы менен ал чечим күчүндө калтырылган. Кыргыз Республикасынын Жо-горку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттукколлегиясынын 2008-жылдын 22-сентябрындагы токтому менен бардык кабылалынган соттук актылар бузулган жана Кыргыз Республикасынын Жарандыкпроцесстик кодексинин 221-беренесинин 1-пунктуна ылайык иш өндүрүштөнкыскартылган. Бирок, бул аныктама жањы ачылган жагдайлар боюнча КыргызРеспубликасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иш-тер боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 10-апрелиндеги токтому ме-нен бузулуп, Бишкек шаарынын район аралык сотунун 2008-жылдын 18-мар-тындагы чечими жана Бишкек шаардык сотунун административдик жана эконо-микалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 26-июнундагы ток-тому күчүндө калтырылган. Кайрылган тарап, көрсөтүлгөн соттук актылар Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын 2-беренесинин 3-пунктуна, 15-беренесинин 6, 7 жана11-пункттарына, 82-беренесинин 2, 3 жана 4-пункттарына карама-каршыкелген "Аудитордук иш жөнүндөгү" Мыйзамдын 6-беренесинин ченемдерине,ошондой эле аудитор кол койгон аудитордук корутундуну атайылап жалганчыгарылган деп табуу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши,аудиторду квалификациялык сертификатынан ажыратууга негиз болоорун ка-раган Мыйзамдын 10-беренесинин 4-пунктуна негизделген деп эсептейт.Көрсөтүлгөн ченемдер, жеке аудитор тарабынан атайылап жалган чыгарганаудитордук корутундуну түзүү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодек-синин 222-беренесинде каралган кылмыш тартибинде жазалануучу жосун бо-луп эсептелгендиктен, аудитордук корутундуну атайылап жалган чыгарылгандеп табуу мүмкүнчүлүгүнө кылмыш сот өндүрүшүнүн чегинде гана эмес, эко-номикалык, административдик иштер боюнча жарандык сот өндүрүшү тарти-бинде дагы жол берет. Ошол эле мезгилде, аракеттеги жарандык мыйзамдар атайылап жалганчыгарылган аудитордук корутунду жөнүндөгү түшүнүктү камтыган эмес. Аларкелишимди жараксыз деп табуу үчүн негиздерди гана белгилеген, анын ичи-не жарандык укук мамилелеринин катышуучуларынын билип туруп укукка кар-шы келүүчү аракеттерди жасаган учур да кирет. Мындан тышкары, КыргызРеспубликасынын Жогорку соту кабыл алган токтому жарандык-процессуалдыкмыйзамдуулуктун чегинде акыркы болуп жана даттанууга жатпагандыктан та-лашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 21-бе-ренесинин 4 жана 5 пункттарында көрсөтүлгөн соттук коргонууга болгонанын конституциялык укуктарын бузат. Соттук жыйналышта жаран Э.А.Абдраманова жана анын өкүлү И.Н.Айтку-лов өтүнүчтүн Кыргыз Республикасынын "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамынын6-беренеси жана 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пункту Конституцияга ыла-йык эмес деп табуу жөнүндөгү талаптарын колдошту жана аларды канааттан-дырууну сурашат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин өкүлү М.К.Жусуповөтүнүчтүн жүйөөлөрү менен макул болгон жок жана канааттандыруусуз кал-тырууну сурайт. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөөлөрүнталкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, жаран Э.А.Абдрамано-ванын өтүнүчү төмөндөгү негиздер боюнча жарым-жартылай канааттандырылу-уга жатат деп эсептейт. Берилген материалдарга караганда, Бишкек шаарынын район аралык со-тунун 2008-жылдын 18-мартындагы чечими, Бишкек шаардык сотунун адми-нистративдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын2008-жылдын 26-июнундагы токтому жана Кыргыз Республикасынын Жогоркусотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллеги-ясынын 2009-жылдын 10-апрелиндеги токтому менен "INTERIN-АUDIТ" ЖЧКсыаткарган 2007-жылдын 4-апрелиндеги чыныгы аудитордук жыйынтыктары жана2007-жылдын 7-апрелиндеги "Грин Лайф" ЖЧКсынын иш аракети жөнүндө агакошумча отчету атайын жалган деп табылган. Көрсөтүлгөн соттук актыларатайылап жалган чыгарылган аудитордук корутундуга түшүнүк жана жоопкер-чилик белгилеген Кыргыз Республикасынын "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйза-мынын 6-беренесинин 2 жана 3-бөлүгүнүн негизинде кабыл алынган. Берил-ген ченемди андан ары өнүктүрүүгө, кийинчерээк 2009-жылдын 29-июнундагыМыйзам менен көрсөтүлгөн Мыйзамдын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пункту-на аудитор кол койгон аудитордук корутундуну атайылап жалган чыгарылгандеп табуу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши аудитордунквалификациялык сертификатынан ажыратууга негиз боло алат деп өзгөртүүкиргизилген. Мындай укук тартипти белгилөө, атайын жалган аудитордук корутундукылмыш катары жазалануучу иш аракети болуп саналса дагы, аудитордук ко-рутундуну жарандык сот өндүрүшүндө атайын жалган деп табуумүмкүнчүлүгүн түзгөндүгүнө жогорудагы сот актылары күбө боло алат. Кыргыз Республикасынын "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамында "ауди-тордук корутундуну атайылап жалган чыгарылган" деген түшүнүктү бекитүүалдын ала пландаштырылып жасалган ой аракеттердин (кылмыштык ниеттин),башкача айтканда кылмыш түзүмүнүн милдеттүү белгисинин бири болгон кыл-мыштын субъективдүү жагынын бардыгын көрсөтөт. Ал эми, мыйзам боюнчамындай укуктук маселелерди чечүү, алдын ала тергөө иштери жүргүзүлгөн-дөн кийин кылмыш иштерин караган соттун компетенциясына берилген. Жа-рандык ишти карап жаткан сот аудитордук корутундунун жыйынтыгын жарак-сыз деп табуу боюнча гана чечим кабыл алуусу мүмкүн, анткени жарандыксот өндүрүшүнүн алкагында жарандык-укуктук келишимдерден келип чыкканталаш тењ укуктуу тараптардын ортосунда чечилет. Муну менен, Кыргыз Республикасынын "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйза-мынын 6-беренесинин 2 жана 3-бөлүгү жана 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн4-пункту сотко аудитордук корутундуну атайын жалган деп табууну кылмышпроцессинин алкагынан сырткары берүүсү жана аудиторду квалификациялыксертификатынан ажыратууну (алып коюуну) кароосу Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын 15-беренесинин 7 жана 8-пункттарында белгиленген сот-тун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен күнөөсү таанылмайынча ар бирадам кылмыш жасагандыгына күнөөлүү деп эсептелинбейт жана соттун өкүмүчыкканга чейинки кылмыш үчүн адамдын жоопкерчилигине жүктөлгөн бардыкаракеттерге жол берилбейт деген талаптарын бузат. Ошондой эле, жаран-дардын Конституция жана мыйзамдар менен белгиленген бардык эркиндикте-рин жана укуктарын сот аркылуу корголушуна кепилдик берген Кыргыз Рес-публикасынын Конституциясынын 21-беренесинин 5-пункту бузулган. Башка негиздер да болушу мүмкүн болсо дагы, "Аудитордук ишжөнүндө" Мыйзамдын 6-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө аудитордук кору-тундуну жараксыз деп табуу үчүн жалгыз гана негиз берилген - ал атайынжалган корутунду. Жогорудагыларды эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялыксоту "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамда каралган аудитордук корутундулар-ды жараксыз деп табуунун тартибин жана негиздерин жана андан келип чык-кан жоопкерчилик чараларын карап чыгууну максатка ылайык деп эсептейт. "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамдын 6-беренесинин 1 жана 4-бөлүктөрү Конституцияга ылайык эмес деп табылууга жатпайт, себеби кай-рылган тараптын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси жок жана алардын конс-титуциялык укуктарын бузбайт. Көрсөтүлгөн жагдайларда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык со-ту "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 30-июнун-дагы Мыйзамынын 6-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү, 10-беренесинин1-бөлүгүнүн 4-пункту Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республика-сынын Конституциясынын 15-беренесинин 7 жана 8-пункттарына, 21-берене-синин 5-пунктуна карама-каршы келет деп табылууга жатат деп эсептейт. Жогорудагылардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституци-ясынын 85-беренесинин 3-пунктунун 1-пунктчасын, "Кыргыз РеспубликасынынКонституциялык соту жөнүндө" Мыйзамдын 13 жана 14-беренелерин, "КыргызРеспубликасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын11,12,18,34,35,36 жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Респуб-ликасынын Конституциялык соту чечти: 1. "Аудитордук иш жөнүндө" 2002-жыл 30-июндагы Кыргыз Республика-сынын Мыйзамынын 6-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрү, 10-беренесинин1-бөлүгүнүн 4-пункту Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республика-сынын Конституциясынын 15-беренесинин 7 жана 8-пункттарына, 21-берене-синин 5-пунктуна карама-каршы келет деп табылсын жана алардын аракетте-ри жокко чыгарылсын. Жаран Абдраманова Эркингүл Абыловнанын өтүнүчү жарым-жартылай ка-нааттандырылсын. 2. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар,юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүүтүрдө аткарылууга тийиш. 3. Чечим "Кыргыз Республикасынын "Конституциялык сотунун жарчысы"журналына, "Эркин Тоо", "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" гезиттеринежарыялансын. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы С.К.Сыдыкова Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Секретары О.Ж.Мамыров