Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 12-февралындагы N 87 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аэропортторунда, авиаишканаларында өткөрүү жана ички объект режимин уюштуруу боюнча ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-майындагы N 275, 2013-жылдын 4-октябрындагы N 555 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 1. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын аэропортторунда, авиаишканаларында өткөрүү жана ички объект режимин уюштуруу боюнча Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жарандык авиациянын Эл аралык Уюму (ИКАО) системалаштырган ченемдерге, эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык иштелип чыккан жана кабыл алынган жарандык авиациядагы авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Улуттук программанын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 2. Кыргыз Республикасынын аэропортторунда, авиаишканаларында режимдик чектөөлөрдү белгилөө мамлекеттин жарандык авиациянын иш аракетине мыйзамсыз кийлигишүү актыларын болтурбоого багытталган атайын чараларды көрүү жолу менен жарандык авиациянын коопсуздугу үчүн өкмөттүн эл аралык милдеттемелери жана жоопкерчилиги менен аныкталат. 3. Ушул Жобо менен режимдик чектөөлөрдү белгилөө боюнча аэропорттор жана авиаишканалар үчүн стандарттар, ошондой эле эл аралык деген статусу бар аэропорттордо бажылык, чек аралык жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнүн тартиби аныкталат. 4. Кыргыз Республикасынын аэропортторунда, авиаишканаларында авиациялык коопсуздукту камсыз кылуунун режимдик чараларын сактоо үчүн жоопкерчилик аэропорттордун жана авиаишканалардын башчыларына, ал эми аларды практикалык жактан ишке ашыруу Авиациялык коопсуздуктун кызматы деп аталган атайын структуралык уюмга жүктөлөт. 5. Авиациялык коопсуздук кызматынын ыйгарым укуктарынын чөйрөсү Кыргыз Республикасынын Аба Кодекси, Кыргыз Республикасынын аэропортторунда, авиаишканаларында авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралардын Программасы, Кыргыз Республикасынын аэропортторунда, авиаишканаларындагы авиациялык коопсуздук кызматы жөнүндө ушул Жобо, Кыргыз Республикасынын жана башка ченемдик-укуктук документтери, биргелешип практикалык колдонуу үчүн бажылык, чек аралык жана башка струкуралар менен өз ара аракеттенүү боюнча аэропорттордо жана авиаишканаларда иштелип чыккан жана кабыл алынган ведомстволор аралык нускамалар жана технологиялар менен аныкталат. 6. Ушул Жобо менен белгиленген режимдик чаралардын стандарттарын аткарбоого же бошоңдотууга болбойт. |