Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2009-жылдын 7-февралындагы N 86 токтомуна ылайык

колдонулушу токтотулду

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

1999-жылдын 24-марты N 166

 

Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатанттарын

сертификациялоо жөнүндө Жобону бекитүү тууралу

 

Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин авиаишканаларды, граждандык авиацияда ишкердик жүргүзгөн жеке эксплуатанттарды сертификациялоону, лицензиялоону жана инспекциялоону жөнгө салуучу кабыл алынган нормаларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатанттарын сертификациялоо жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул токтом менен бекитилген Жобого ылайык бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатанттарын сертификациялоо жана инспекциялоо процедуралары боюнча Нускаманы иштеп чыгып, бекитип, колдонууга киргизсин жана анын аткарылышына контролдукту камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 22-июнундагы N 292 "Кыргыз Республикасында граждандык авиациянын аба кемелеринин эксплатанттарын мамлекеттик каттоо, сертификациялоо жана инспекциялоо жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.

5. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

 

Вице-премьер-министр Б.Силаев