Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

1999-жылдын 11-майы N 249

 

Кыргыз Республикасывын Травспорт жана коммуникация

министрлигине караштуу Мамлекеттик суу транспорт

инспекциясынын маселелери

 

(КР Өкмөтүнүн

2009-жылдын 23-апрелиндеги N 250 токтомунун

редакциясына ылайык)

 

"Сүзүүчү каражаттарды пайдаланууга жана сууда сактоо иштерин жүргүзүүгө көзөмөлдүктү күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 11-июнундагы N 344 токтомун аткаруу жана кемелер менен базаларды (курулуштарды) каттоону, эсепке алууну тартипке салуу, алар токтоочу жайларды техникалык көзөмөлдөө, Кыргыз Республикасынын көлдөрүндө сүзүүчү каражаттардын коопсуз пайдаланылышын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын көлдөрүндө кемелердин сүзүү эрежеси;

- Кыргыз Республикасында чакан кемелерди жана базаларды (курулуштарды) пайдалануу эрежеси;

- чакан кемелер менен базаларды (курулуштарды) каттоонун, эсепке алуунун, алар токтоочу жайларды техникалык көзөмөлдөөнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагында бул кемелерди башкаруу укугуна кеме айдоочуларды аттестациялоонун эрежеси.

2. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги N 250 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Инспекция Регистрдин жаңы эрежелерин иштеп чыгып бекиткенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагында мурда колдонулуп келген эрежени колдонууга уруксат берсин.

4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

 

Премьер-министр А.Муралиев