Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2000-жылдын 17-июлу № 61

Тышкы миграция жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 21-ноябрындагы № 153, 2005-жылдын 6-августундагы № 125, 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2009-жылдын 25-февралындагы № 68, 2009-жылдын 12-октябрындагы № 262, 2011-жылдын 26-июлундагы № 127, 2012-жылдын 17-мартындагы № 19, 2013-жылдын 24-июлундагы № 160, 2013-жылдын 9-декабрындагы № 214, 2015-жылдын 27-январындагы № 27, 2015-жылдын 19-мартындагы № 59, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2019-жылдын 20-мартындагы № 37, 2020-жылдын 14-январындагы № 1, 2020-жылдын 26-июнундагы № 64, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2020-жылдын 17-августундагы № 135, 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12, 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 116, 2023-жылдын 16-февралындагы № 32, 2023-жылдын 24-февралындагы № 41, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129, 2023-жылдын 16-августундагы № 183, 2024-жылдын 24-майындагы № 89, 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 181 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам тышкы миграция тармагындагы укук мамилелерин жөнгө салат жана Кыргыз Республикасындагы миграция маселелеринин укуктук негизин аныктайт.

 

I БӨЛҮМ ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

 

1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Чыгарып салуу - чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик чек ара аркылуу Кыргыз Республикасынынын чегинен мажбурлап жана көзөмөлдөп чыгарып салуу;

Визасыз режим - чет мамлекеттин жарандары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган, белгиленген мөөнөттөрдүн алкагында визаны жол-жоболоштурбастан Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, чыгууга, транзит менен жүрүүгө, орун которууга жана болууга укуктуу болгон режим.

Жашап туруу мүмкүнчүлүгү - чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасында туруктуу же убактылуу жашап турууга укук берүүчү документ;

Виза - чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын паспортунда же Кыргыз Республикасында колдонуудагы аны алмаштырган башка документинде Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймагында болууга жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө уруксат берүүчү белги;

Визанын бирдиктүү мамлекеттик стандарты, формасы, сүрөттөлүшү болот. Бирдиктүү мамлекеттик стандарт, анын формасы жана сүрөттөлүшү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

Тышкы миграция - Кыргыз Республикасынын аймагында же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жеке адамдардын көчүп жүрүшү.

Мыйзамдуу өкүлдөр - ата-энелер, асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр, ошондой эле ишке катышы бар адам көзөмөлүндө болгон уюмдардын жана адамдардын өкүлдөрү.

Иммигрант - Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо максатында мыйзамдуу түрдө кирген чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;

Иммиграция - чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасына кириши;

Чет өлкөлүк жаран - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана кандайдыр бир чет мамлекеттин жараны болуп саналаарына карата далилдери бар адам;

Жарандыгы жок адам - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана кандайдыр бир чет мамлекеттин жараны болуп саналаарына карата далилдери жок адам;

Миграция - ар кандай себептер менен Кыргыз Республикасынан башка өлкөлөргө жана башка өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде туруктуу же убактылуу жашоо максатында жеке жактардын көчүп жүрүшү;

Транзит миграциясы - чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу башка мамлекеттин аймагына өтүшү;

Эмгек миграциясы - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан жеке адамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу акы алуу же туруктуу эмгектенүү максатында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын ыктыярдуу түрдө көчүп жүрүшү;

Жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим - чет мамлекеттин жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына келгенде чет өлкөгө баруу паспортторун каттоодон бошотулуу менен жеке кайрылуусу боюнча алган визанын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына визасыз келүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө, бир жерден экинчи жерге барууга жана анда болууга укуктуу болгон режим.

Электрондук виза - Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан чет өлкөлүк жаранга же Кыргыз Республикасы тарабынан жарандыгы жок деп таанылган адамга электрондук тартипте, анын ичинде Интернет электрондук тарамы аркылуу берилүүчү, атайын окулуучу коду бар, анын болушу жарактуу документ менен Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймагында болууга, Кыргыз Республикасынан чыгууга жана транзиттик өтүүгө уруксат берүүчү, статусу боюнча визага теңештирилген документтик ырастоо.

Эмигрант - туруктуу жашоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагынан башка мамлекеттер аймагына кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жараны;

Эмиграция - Кыргыз Республикасынын жарандарынын туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынан башка мамлекеттин аймагына чыгып кетиши;

Визалуу режим - алуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленүүчү жарактуу визанын негизинде чет мамлекеттердин жарандарына Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, чыгууга, транзит менен жүрүүгө, орун которууга жана болууга укук берген режим.

Инсандыгын ырастаган документ - дипломатиялык каналдар боюнча жөнөтүлгөн жана ал Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган, эгерде Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде башкалар каралбаган болсо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасынан өтүүчү адамдын статусун далилдеген документ.

Жарактуу документ - инсандыгын ырастаган жана анын бардык бөлүктөрү жана реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген үлгүлөргө дал келген, тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулган жана ага ыйгарым укуктуу органдарга бекитилген, мөөнөтү өтпөгөн, көрсөткөн адамдын өзүнө таандык жана жасалмасы жок документ.

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусу - укуктары жана милдеттери чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталган чет өлкөлүк жарандардын өзгөчө укуктук абалы.

Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусу (мындан ары - "Санариптик көчмөн" статусу) - маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүндө жана башка чектеш чөйрөлөрдө иш жүргүзгөн чет мамлекеттин жаранынын - адисинин жүргөн жери боюнча каттоосуз жана эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн уруксат берүүчү документтерсиз Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө/жүрүүгө мүмкүндүк берүүчү укуктук статусу.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 6-августундагы № 125, 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2013-жылдын 24-июлундагы № 160, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43, 2023-жылдын 16-августундагы № 183, 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 181 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-статья. Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери

Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери төмөнкүдөй:

- Кыргыз Республикасындагы тышкы миграцияны жөнгө салуу;

- мигранттардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону камсыз кылуу;

- мыйзамсыз миграцияга жол бербөө жана алдын алуу;

- Кыргыз Республикасындагы миграцияны турукташтыруу.

3-статья. Тышкы миграция маселелерин жөнгө салуучу мыйзам актылары

Кыргыз Республикасында тышкы миграция иштери Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.

Ушул Мыйзамдын аракети качкындар статусун алган жана качкын статусун алууну өтүнгөн адамдарга карата жайылтылбайт.

4-статья. Кыргыз Республикасында тышкы миграция маселелерин жөнгө салуунун негизги принциптери

Тышкы миграция төмөнкү принциптерге таянуу менен жөнгө салынат:

- адамдардын жашаган жерин эркин тандоосуна, ишмердик жана кесип түрүн эркин тандоосуна, көчүп жүрүү эркиндигине Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген укуктарын камсыз кылуу;

- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, дини, жаш курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кандайдыр бир басмырлоого, укуктардын жана эркиндиктин кысымга алынышына жол бербөө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тышкы миграция жагынан жалпы таанылган эл аралык укук нормаларына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерине ылайыктыгын камсыз кылуу;

- мүмкүн болуучу миграцияны жана социалдык-саясий кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу миграциянын агымдарын болжолдоого негизденген программалык аракеттердин негизинде табигый жана чаржайыт миграциянын алдын алуу;

- тышкы миграция иштерине мамлекеттик тийиштүү органдардын катышуусу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын мигранттардын сыйлашы жана сакташы.

 (КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар

Кыргыз Республикасында миграция, калкты каттоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү, тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ички иштер органдары жана улуттук коопсуздук органдары тышкы миграция тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болуп саналат.

Кыргыз Республикасында бирдиктүү визалык саясатты камсыз кылуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат.

Ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталышын контролдоо жогоруда аталган органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде жүзөгө ашырылат.

 (КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 127, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-1-статья. Визасыз режим

Кыргыз Республикасы достук, ынак коңшулаштык мамилелерди өнүктүрүү, экономикалык, соода, илимий-техникалык, маданий жана башка байланыштарды бекемдөө максатында бир тараптуу тартипте же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде чет мамлекеттерге карата визасыз режим киргизет.

Кыргыз Республикасы тарабынан бир тараптуу тартипте же өз ара мамиле принциптеринде киргизилген визасыз режим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү ченемдик укуктук актылардын негизинде жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык киргизилген визасыз режим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган бул эл аралык келишимдин негизинде ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жана жарандардын саламаттыгын сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети улуттук коопсуздук органдарынын, саламаттык сактоо жаатындагы тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасына визасыз кирүү режимин колдонууну толугу менен же жарым-жартылай токтотууга укуктуу.

 (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 6-августундагы № 125, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43, 2023-жылдын 16-августундагы № 183   Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-2-статья. Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутуму

Кыргыз Республикасында тышкы миграция процесстерин жөнгө салуу Кыргыз Республикасында Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумун уюштуруу аркылуу жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасында Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутуму деп адамдардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу кирүүсүн/чыгуусун эсепке алуу жана контролдоо, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн визаларды жана уруксаттарды, убактылуу жана туруктуу жашоо уруксаттарын берүү, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн (жашаган) жери боюнча каттоо жана Кыргыз Республикасынын нотариалдык документтеринин бирдиктүү электрондук базасынан келип түшкөн, жашы жете электердин Кыргыз Республикасынан чыгуусу үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилген, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өтүнүчтөрдү эсепке алуу боюнча маалыматтык тутум түшүнүлөт.

КР 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мызамынын 4-беренесине ылайык 5-2-беренесинин жашы жете электердин Кыргыз Республикасынан чыгуусу үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү берген, Кыргыз Республикасынын Нотариалдык документтеринин бирдиктүү электрондук базасынан келип түшкөн, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн өтүнүчтөрдү эсепке алуу бөлүгүндөгү ченеми кирбейт, ал 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет

Кыргыз Республикасында Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

 (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

II БӨЛҮМ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАНДАРДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫГЫ ЖОК АДАМДАРДЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА КИРИШИ ЖАНА АЛАРДЫН РЕСПУБЛИКА АЙМАГЫНДА БОЛУШУ

 

1-Глава Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына  киришине жана болушуна карата негизги талаптар

 

6-статья. Чет элдик жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына киргизүүгө, алардын Кыргыз Республикасында болуусуна, транзиттик өтүүсүнө жана Кыргыз Республикасынан чыгуусуна уруксат

Аларга карата визасыз режим колдонулган чет мамлекеттин жарандары визаны жол-жоболоштурбастан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жарактуу документтеринин бири боюнча Кыргыз Республикасынын аймагына кириши, чыгышы, транзит менен жүрүшү, орун которушу мүмкүн.

Эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы белгиленбесе, визасыз режим колдонулган чет мамлекеттин жарандарынын болуу мөөнөтү, жүз жыйырма календардык күндөн турган ар бир мезгилдин ичинде суммалык алтымыш календардык күндөн ашпоого тийиш.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тийиштүү тизмеде каралган чет мамлекеттердин жарандары жөнөкөйлөтүлгөн визалык режимди пайдаланышат. Бул чет мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына келгенде жеке кайрылуусу боюнча алган визанын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына келүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө, бир жерден экинчи жерге барууга жана анда болууга укуктуу болот.

Ушул Мыйзамдын 7-беренесинин экинчи бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде башкалар каралбаса, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасына кирүүгө жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө укук берген жарактуу документтердин жана визалардын негизинде Кыргыз Республикасына киришет жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишет.

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алышкан чет өлкөлүк жарандар чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документин көрсөткөндө, визасын жол-жоболоштурбастан, жарактуу документтердин бири боюнча Кыргыз Республикасынын аймагына көп жолу кирүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө, бир жерден экинчи жерге барууга жана анда жүрүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Электрондук визаны (документтик ырастоону) жол-жоболоштуруу жана берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

Кыргыз Республикасына убактылуу же туруктуу жашоого келген чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын кириши жана жашап турушу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте берилген визанын, убактылуу же туруктуу жашоо уруксатынын негизинде ишке ашырылат.

Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте келген жери боюнча беш жумушчу күндүн ичинде катталууга милдеттүү.

Чет өлкөлүк мекендештин статусун алган жарандарды, ошондой эле тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасында эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу үчүн чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштөөгө уруксаты болууга тийиш.

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алышкан чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып, токсон жумушчу күндүн ичинде ушул Мыйзамда белгиленген тартипте турган жери боюнча катталууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасына келген этностук кыргыздар өздөрү жашап жаткан аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органынын юридикалык дареги боюнча каттала алышат.

Кыргыз Республикасында турган чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар визаны, жашап туруу мүмкүнчүлүгүн жана иштөөгө уруксатты узартууну өтүнө алат.

Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар визанын, каттоонун мөөнөтү бүткөн, жашап туруу мөөнөтү кыскарган же жашоого уруксаты жокко чыгарылган учурда Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө милдеттүү.

 (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 21-ноябрындагы № 153, 2005-жылдын 6-августундагы № 125, 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2013-жылдын 24-июлундагы № 160, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2020-жылдын 26-июнундагы № 64, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 16-февралындагы № 32, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43, 2023-жылдын 16-августундагы № 183  Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

7-берене. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына кириши жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетиши

(Статьянын аталышы КР 2008-жылдын 23-майындагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жарактуу документтер жана визалар боюнча эларалык байланыш үчүн ачылган мамлекеттик чегарада, эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдери менен башкалар каралбаса, өткөрүү пункттары аркылуу Кыргыз Республикасына киришет жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишет.

Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына киришине төмөнкү себептер боюнча уруксат берилбейт:

1) виза же жарактуу документи болбосо;

2) улуттук коопсуздукту же коомдук тартипти камсыз кылуунун кызыкчылыгында;

3) эгерде бул Кыргыз Республикасынын жарандарынын же Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын саламаттыгын сактоодо, укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоодо олуттуу залал келтирген болсо;

4) эгерде мурда болгон учурунда ал адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы аныкталса;

5) эгерде Кыргыз Республикасына кирүүгө өтүнүч берген учурда ал өзү тууралуу жалган маалымат же жалган документтерди берген болсо;

6) эгерде ошол жаранга карата Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте Кыргыз Республикасында болушунун (жашоосунун) мүмкүн эместиги жөнүндө чечим кабыл алынса;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка негиздерде.

Визасы болгон учурда кирүүгө уруксат бербөө, аны өтүнгөн адамга, баш тартуу чечимин чыгарган укук берилген мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан мындай баш тартууну негиздөө аркылуу жазуу жүзүндө токтоосуз билдирилет. Киргизүүгө уруксат бербөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылат.

Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасына кирүүгө төмөндөгүдөй учурларда чектелиши мүмкүн эгерде алар:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жасоого шектүү деп кармалышса, же күнөөлүү катары тартылышса, - иш боюнча чечим кабыл алынганга чейин же соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;

2) Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолушса, - жазаны өтөөгө (аткарууга) же жазадан бошотулганга чейин;

3) сот тарабынан айып салынган милдеттерди аткаруудан баш тартышса, - милдеттерин аткарууга же тараптар макулдашууга жетишкенге чейин;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган салыктарды төлөө боюнча милдеттерди аткарышпаса, - мындай милдеттерди аткарганга чейин;

5) Кыргыз Республикасынын аймагында тартип бузгандыгы учун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышса, - жазаны аткарууга же жазадан бошотулганга чейин.

Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасына кирүүдө жана Кыргыз Республикасынан чыгып кеткенде миграциялык көзөмөлдөн өтүшөт. Миграциялык көзөмөлдөө жөнүндөгү Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештер жарактуу документтери боюнча, чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документин көрсөткөндө визаны жол-жоболоштурбастан, мамлекеттик чек арадагы эл аралык катнаш үчүн ачылган өткөрмө пункттар аркылуу Кыргыз Республикасына киришет жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишет.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү тартиби ушул Мыйзам, мамлекеттик чек ара жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдери менен жөнгө салынат.

 (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2011-жылдын 26-июлундагы № 127, 2013-жылдын 9-декабрындагы № 214, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

8-статья. Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды каттоо

Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды тышкы саясатты ишке ашыруу, калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ошондой эле мейманканаларда келген жери боюнча каттоодон бошотуу мөөнөтүн көрсөтүү менен чет мамлекеттердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирип, аны менен келүүнүн башка мөөнөтү жана тартиби белгиленген эл аралык келишим болгон учурда, өз аралык принциптерди жана теңдештик негизди эске алуу менен бул эл аралык келишимдин жоболору колдонулат.

Инсандыгын ырастаган документтерин каттоодон төмөнкүлөр бошотулат:

1) чет өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин жана Министрлер Кабинетинин чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасына келишкен мамлекеттик, парламенттик жана өкмөттүк делегациялардын мүчөлөрү, бул делегациялардын администрациялык -техникалык кызматчылары, аталып өткөн адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү;

2) Кыргыз Республикасына белгиленген тартипте келген аскер самолетторунун экипаж мүчөлөрү. Аскер самолетторунун экипаждарынын мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында жол жүрүшү келген аскер самолетторун кабыл алуу планына ылайык ишке ашырылат;

3) эл аралык авиажолдорунун жарандык аба кемелеринин курамына кирген адамдар аба кыймылынын колдонуудагы расписаниесинде көрсөтүлгөн аэропорттордо болушканда;

3) (КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) (КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Үчүнчү бөлүк КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Төртүнчү бөлүк КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2002-жылдын 21-ноябрындагы № 153, 2005-жылдын 6-августундагы № 125, 2011-жылдын 26-июлундагы № 127, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

9-статья. Тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоо

Тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында өзгөчө статусу Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган атайын эл аралык коргоодон пайдаланышкан төмөнкү чет өлкөлүк жарандар катталышат:

1) Кыргыз Республикасында катталган чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин башчылары, дипломатиялык кызматтын мүчөлөрү, консулдук кызмат адамдары, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин администрациялык - техникалык кызматынын жана тейлөө кызматынын мүчөлөрү, ошондой эле эгерде алар аталган өкүлчүлүктөрдүн жана мекемелердин аймагында жашаса, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин үй - бүлө мүчөлөрү жана меймандары;

2) Кыргыз Республикасына кызматтык иштери менен келишкен жана дипломатиялык же кызматтык паспорттору бар чет мамлекеттердин ведомстволорунун кызматкерлери жана алардын үй - бүлө мүчөлөрү;

3) Кыргыз Республикасына кызматтык иштери менен келишкен эл аралык уюмдардын кызмат адамдары, аталган уюмдардын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасында штаб - квартирасы бар эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрү бар өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрүнүн бул уюмдардын уставдык документтерине же тийиштүү эл аралык келишимдерге ылайык артыкчылыктардан жана иммунитеттерден пайдаланышкан кызматкерлери, алардын үй - бүлө мүчөлөрү.

Тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аталган адамдарга аккредиттөө карточкаларын берет же каттоо жөнүндө паспортторуна түздөн - түз жазып коет.

Тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган дипломатиялык өкүлчүлүктөр же консулдук мекемелер, ошондой эле эл аралык уюмдар жана кабыл алып жаткан башка уюмдар өтүнгөн учурларда Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк мамлекеттик жана коомдук ишмерлерди жана алардын үй - бүлө мүчөлөрүн зарыл учурларда каттайт.

(КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

10-статья. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоо

Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда ушул Мыйзамдын 8-статьясынын 1-3-пункттарында жана 9-статьясында көрсөтүлбөгөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар иш жүзүндө жашаган жери боюнча катталат. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.

Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу жайгаштыруу боюнча өз кызматтарын көрсөткөн жеке жана юридикалык жактар аларды ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каттоого милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

11-статья. Мейманканаларда каттоо

(КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

12-статья. Каттоо мөөнөтүн узартуу

Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын катталыш мөөнөтүнүн узартылышы Кыргыз Республикасында алардын визасынын мөөнөтү же жашап туруу мүмкүнчүлүгү узартылгандан кийин жүргүзүлөт.

Аларга карата визасыз режим колдонулган пайдаланган чет мамлекеттин жарандарын каттоо күчүн узартуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

13-статья. Виза берүү

Кыргыз Республикасына кирүү үчүн визалар, тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү жана узартылуучу электрондук визаларды кошпогондо, чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде, мындайлар жок болгон учурда - ушул Мыйзамдын 14-статьясына ылайык ыйгарым укук берилген башка өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрүндө берилет.

Кыргыз Республикасынын аймагында визаларды узартуу тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына кирүүгө виза берүү жөнүндө өтүнүчүн кароо мөөнөтү жети жумушчу күндөн ашык эмести түзөт.

Визалардын категорияларын жана түрлөрүн, ошондой эле аларды толтуруу жана берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

14-статья. Виза берүү үчүн негиздер

Кыргыз Республикасына кирүүгө виза берүүгө төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

- Кыргыз Республикасына ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максаттары менен келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - кабыл алуучу уюмдардын сапардын ишкер мүнөзүн күбөлөндүрүүчү зарыл документтерди тиркөө менен жазуу жүзүндөгү өтүнүчү;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тиешелүү тизмеде каралган чет мамлекеттердин жарандары үчүн - жекече кайрылуусу;

- Кыргыз Республикасына ишке орношуу үчүн келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте катталган иш берүүчүнүн өтүнүчү;

- жеке ишкердик жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - жеке ишкердин жеке арызы;

- Кыргыз Республикасына жеке иштери боюнча келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - Кыргыз Республикасынын жаранынын өтүнүчү же Кыргыз Республикасынын аймагында катталган саламаттык сактоо уюмунун чакыруусу;

- Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өткөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - зарыл болгон учурда бара турган өлкөнүн визасы бар анык документти тиркөө менен юридикалык жактын жеке арызы же өтүнүчү же келгенден кийин виза алган учурда, үчүнчү өлкөнүн расмий бийлиги тарабынан күбөлөндүрүлгөн уруксаттын (чакыруунун) көчүрмөсү;

- Кыргыз Республикасына туристтик максаттарда келген жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - жеке арыз же туристтик уюмдун жазуу жүзүндөгү өтүнүчү;

- Кыргыз Республикасына окуу максатында келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү уюмдарынын өтүнүчү;

- инвестициялоо максаты менен Кыргыз Республикасына келип жаткан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - инвестицияларды илгерилетүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын экономикасына ушул Мыйзамдын 142-статьясында көрсөтүлгөн салымын ырастоочу документ.

(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12, 2023-жылдын 24-февралындагы № 41, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

141-статья. Визанын күчүнүн мөөнөтүн узартуу үчүн негиздер

Визанын күчүнүн мөөнөтүн узартууга негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

- Кыргыз Республикасына ишке орношуу жана жеке ишкердик жүргүзүү максатында келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүргүзүү укугуна уруксаты;

- үй-бүлөсүнө кайра кошулуу максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасына убактылуу же туруктуу жашоого көчүп келүү үчүн этностук кыргыздарга - арыз ээсинин жашап турууга уруксат берүү же жарандыкка кабыл алуу жөнүндө өтүнүчүн кароо жөнүндө документ;

- үй-бүлөсүнө келүү максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасына келүү үчүн этностук кыргыздарга - Кыргыз Республикасынын жаранынын өтүнүчү жана/же туугандыгын ырастоочу документ;

- Кыргыз Республикасына окуу максатында келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - билим берүү уюму жана арыз ээсинин ортосундагы жеке келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тиркөө менен Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү уюмдарынын өтүнүчү

(КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

142-статья. Инвестициялык визалардын колдонулуу мөөнөттөрү

 

Инвестициялык виза төмөнкүдөй мөөнөттөргө берилет:

- 5 жылга, эгерде инвестор өлкөнүн экономикасына он миллион сомдон кем эмес суммага эквиваленттүү акчалай жана материалдык баалуулуктар түрүндө салым кошсо;

- 10 жылга, эгерде инвестор өлкөнүн экономикасына жыйырма миллион сомдон кем эмес суммага эквиваленттүү акчалай жана материалдык баалуулуктар түрүндө салым кошсо.

Инвестор өлкөнүн экономикасына чет өлкөлүк валютада салым кошууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-февралындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

15-статья. Жашап турууга уруксат

Кыргыз Республикасына келген жарандар же жарандыгы жок адамдар жашап турууга уруксат алуу үчүн кайрыла алышат. Жашап турууга уруксаттар убактылуу жана туруктуу болуп бөлүнөт.

Кыргыз Республикасына алты айдан ашык мөөнөткө келишкен чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар ушул Мыйзамга ылайык убактылуу жашап турууга уруксат алышат.

Ушул Мыйзамга ылайык иммигрант статусу берилген жана 5 жылдан ашык Кыргыз Республикасынын аймагында болушкан чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар туруктуу жашоого уруксат алышат.

Жашап туруунун жол жобосун жана берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алышкан чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоо үчүн жашап турууга уруксат алуу талап кылынбайт.

Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксат ушул Мыйзамга ылайык калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилет.

Убактылуу жана туруктуу жашоого уруксат чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын алардын Кыргыз Республикасында болгон мезгилиндеги жекече күбөлүгү болуп саналат.

Убактылуу жана туруктуу жашоого уруксат жарактуу документи менен бирге Кыргыз Республикасына кирүүгө жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө виза албастан мамлекеттик чектен көп ирет өтүүгө уруксат берет.

Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал режими жана/же өзгөчө абал режими киргизилген учурда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин мезгилинде колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен убактылуу жана/же туруктуу жашап туруу уруксатынын колдонуу мөөнөтүн узартат.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2009-жылдын 12-октябрындагы № 262, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129, 2024-жылдын 24-майындагы № 89 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

16-статья. Виза жана жашап турууга уруксат бербөөгө негиздер

Чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга виза арыз ээси төмөнкүдөй иш жасаган учурларда берилбейт жана узартылууга жатпайт.

1) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын саламаттыгын сактоого, мыйзамдуу укуктарын жана таламдарын коргоого коркунуч келтирсе;

2) виза, иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоого турууга же иштөөгө уруксат алууга өтүнгөн учурда жалган маалымат берсе;

3) виза же жашап турууга уруксат алуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартибин бузса;

4) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген иштерди жасаса;

5) Кыргыз Республикасында кылмыш иши козголгон адам болуп саналса - иш боюнча өндүрүш токтотулганга чейин;

6) Кыргыз Республикасында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон болсо -жазасын өтөп бүткүчө же андан бошотулгуча;

7) саламаттыгы башка адамдарга коркунуч келтиргендей бузулган болсо же оорусу бар болсо же саламаттыкты сактоо мекемелеринин өзгөчө көзөмөлүн талап кылса жана ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизмеге кирген болсо;

8) өзүн жана өзү баккан адамдарды камсыз кыла албаса;

9) Кыргыз Республикасына кирүүгө тыюу салынган учурдан баштап алты ай өткөрбөй кайрадан өтүнүп кайрылса;

10) Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же туруктуу тыюу салуу менен чыгарылган болсо - кирүүгө тыюу салынган мөөнөттүн бүтүшүнө чейин;

11) Кыргыз Республикасында мыйзамсыз болсо же башка чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүүгө жардам берсе;

12) террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөсү болсо.

Чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга жашап турууга уруксат берилбейт, эгерде арыз ээси:

1) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын саламаттыгын сактоого, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого коркунуч келтирсе;

2) виза, иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоо, жашап турууга уруксат же иштөөгө уруксат алуу жөнүндө өтүнүч берүүдө жалган маалыматтарды берсе;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген виза жана жашап турууга уруксат алуу тартибин сактабаса;

4) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген иштерди жүзөгө ашырса;

5) ага карата Кыргыз Республикасында кылмыш иши козголгон адам болуп саналса - иш боюнча өндүрүш токтотулганга чейин;

6) Кыргыз Республикасында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолсо - жазасын өтөгөнгө же жазадан бошотулганга чейин;

7) мүнөзү, оордугу жана мүмкүн болгон узактыгы башка адамдардын саламаттыгына коркунуч келтирүүчү же саламаттык сактоо мекемесинин өзгөчө көзөмөлүн талап кылуучу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизмеде айтылган оору менен ооруса;

8) өзүн жана багуусунда турган адамдарды камсыз кыла албаса;

9) Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксаттан баш тартуу алган учурдан тартып алты ай өткөнгө чейин экинчи ирет өтүнүчү менен кайрылса;

10) Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же туруктуу тыюу салуу менен Кыргыз Республикасынан чыгарылган болсо - кирүүгө тыюу салынган мөөнөттүн бүтүшүнө чейин;

11) Кыргыз Республикасында мыйзамсыз болсо же башка чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүүгө жардам берсе;

12) террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөсү болсо;

13) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоо үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик же расмий тилди билбесе. Мамлекеттик же расмий тилди билүү деңгээлин ырастоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

Виза же жашап турууга уруксат берилбестиги жөнүндө чечим арыз ээсине бул чечим кабыл алынган учурдан кийинки үч күндүк мөөнөттө билдирилет. Виза же жашап турууга уруксат берилбестиги жөнүндө чечим өтүнгөн адамдын талабы боюнча жазуу жүзүндө берилет.

 (Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 127, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43, 2023-жылдын 16-августундагы № 183  Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

17-статья. Визаны же жашап туруу уруксатын жокко чыгаруу

Визанын жокко чыгарылышына төмөнкү учурлар негиз болот, эгерде чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам:

1) виза алуу жана аны колдонуу мөөнөтүн узартуу, иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоо же ишке уруксат алуу жөнүндө өтүнгөн учурда жалган маалымат берсе;

2) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү ишти жүргүзсө;

3) визаны колдонуу мөөнөтүн узартуу менен байланышкан Кыргыз Республикасындагы окуусун токтотсо, же болбосо билим берүү мекемелеринен окуудан чыгарылса;

4) визаны колдонуу мөөнөтүн узартууга негиз болгон эмгек келишиминин тараптарынын биринин демилгеси боюнча эмгек мамилелери токтотулса;

5) Кыргыз Республикасынын жараны менен никеси бузулса жана эгерде никеде балдары жок болсо же сот балдарды Кыргыз Республикасынын жараны болгон же анда туруктуу жашаган атасына же энесине калтырса;

6) инвестицияларды илгерилетүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тастыктоосу менен инвестициялык ишти токтотсо.

Жашап туруу уруксатын жокко чыгаруу үчүн негиз болуп төмөнкү жагдайлар эсептелет, эгерде чет элдик жаран же жарандыгы жок адам:

1) виза алуу жана аны колдонуу мөөнөтүн узартуу, иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоо, жашап туруу уруксаты же ишке уруксат алуу жөнүндө өтүнгөн учурда жалган маалымат берсе;

2) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген ишти жүргүзсө;

3) Кыргыз Республикасында туруктуу жашап туруу уруксатын алуу максатында Кыргыз Республикасынын жараны, Кыргыз Республикасында туруктуу жашап турууга уруксаты бар чет элдик жаран, же болбосо жарандыгы жок адам менен жалган никеде турса;

4) Кыргыз Республикасында жашап турууга себеп болгон Кыргыз Республикасындагы окуусун токтотсо, же болбосо билим берүү мекемелеринен окуудан чыгарылса;

5) Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксат алууга негиз болгон эмгек келишиминин тараптарынын биринин демилгеси боюнча эмгек мамилелери токтотулса;

6) Кыргыз Республикасынын жараны же Кыргыз Республикасында беш жыл бою туруктуу жашап туруу уруксаты бар адам менен никеси бузулса жана эгерде никеде балдары жок болсо же сот балдарды Кыргыз Республикасынын жараны болгон же анда туруктуу жашаган ата-эненин бирине калтырса;

7) инвестицияларды илгерилетүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тастыктоосу менен инвестициялык ишти токтотсо.

 (КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

18-статья. Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтүн кыскартуу

Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын укук абалы жөнүндө мыйзамдарды жана алардын болуу тартибин бузган чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтү кыскартылышы мүмкүн.

Болуу мөөнөтүн кыскартуу жөнүндө чечим виза же жашап турууга уруксат берген орган тарабынан чыгарылат.

19-статья. Чет өлкөлүк жарандардын жүрүүнүн белгиленген тартибин, эмгек ишин жүзөгө ашыруу эрежелерин бузуусу. Укук бузуу жасагандыгы үчүн жазма буйрук чыгаруу, чыгарып жиберүү

Визасынын, жашап турууга уруксатынын мөөнөтү аяктаган же болбосо жашап турууга уруксатынын колдонуу мөөнөтү жокко чыгарылган, жүрүү укугун ырастоочу документтери (каттоо, эмгек ишин жүргүзүүгө уруксат, качкын деп таануу жөнүндө өтүнүчтү каттоо жөнүндө күбөлүк, тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда качкындын ырастамасы) жок болгон же болбосо мөөнөтү өтүп кеткен мындай документтерди колдонгон, же болбосо мыйзамдуу жүрүү мөөнөтү аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынан чыгуудан баш тарткан, ошондой эле кирүүдө билдирилген максатка шайкеш келбеген себептер менен республиканын аймагында жүргөн, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик өтүүнүн эрежелерин сактабаган чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасында Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Миграция, калкты каттоо чөйрөсүндө, тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасында жүрүү тартиби бузулганына фактылар табылганы жөнүндө ички иштер органдарына жана улуттук коопсуздук органына билдирүүгө милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чет өлкөлүк жарандарды жоопкерчиликке тартууда аларга карата ички иштер органы укук бузууну жоюу жөнүндө жазма буйрук чыгарат.

Аны тапшырган учурдан тартып 30 күндүн ичинде укук бузууну жоюу жөнүндө жазма буйрук аткарылбаган учурда, чет өлкөлүк жаран соттун чечими боюнча Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарылууга тийиш.

Чет өлкөлүк жарандар төмөнкү учурларда чыгарылышы мүмкүн:

1) эгерде алардын иш-аракеттери улуттук коопсуздукту камсыз кылуу же коомдук тартипти сактоо кызыкчылыктарына каршы келсе;

2) эгерде бул калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болсо.

Чыгарып жиберүүгө материалдар ички иштер органы же улуттук коопсуздук органы, ал эми дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы же Кыргыз Республикасында аккредиттелген өкүлчүлүктүн дипломатиялык персоналынын мүчөлөрү нон грат персонасы деп жарыяланган учурда - тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан таризделет.

Чыгарып жиберүү менен бирге ички иштер органы же улуттук коопсуздук органы мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү жана тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга милдеттүү түрдө кабарлоо менен адамдын Кыргыз Республикасына киришине убактылуу тыюу салат.

Чет өлкөлүк жарандардын укук бузуу жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө жана болуусуна убактылуу тыюу салуу мөөнөтү 2 жылды түзөт.

Чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынан чыгарып жиберүү ички иштер органы же улуттук коопсуздук органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Чыгарып жиберилген чет өлкөлүк жарандар жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасына кирүүгө тыюу салуу мөөнөтүн көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте ички иштер органы же болбосо улуттук коопсуздук органы тарабынан Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумуна киргизилет.

Чыгарып жиберүү боюнча чыгымдарды каржылоо ушул Мыйзамдын 191-статьясында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө жана болуусуна тыюу салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

 

191-статья. Чыгарып жиберүү

Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар кылмыш жасагандыгы үчүн жазасын өтөгөндөн кийин, эгерде тышкы миграция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында анын аймагында болуу үчүн белгиленген негиздер болбосо, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу мыйзамдарында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберилүүгө жатат.

Чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү менен бирге ички иштер органы же улуттук коопсуздук органы тарабынан мамлекеттик чек ара кызматына жана тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга милдеттүү түрдө билдирүү менен Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же биротоло тыюу салуу жүктөлөт.

(3 бөлүк Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана болуу укугунан ажыратуу мөөнөтү жасалган кылмыштардын түрүнө жараша төмөнкүлөрдү түзөт:

- анча оор эмес кылмыштар үчүн - 5 жыл;

- оор кылмыштар үчүн - 10 жыл;

- өзгөчө оор кылмыштар үчүн - өмүр бою.

Чыгарып жиберүүдөгү чыгымдарды каржылоо төмөнкү каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт:

1) чыгарылып жаткан чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын;

2) чакырган жана/же кабыл алган уюмдардын же жеке жактардын;

3) өзгөчө учурларда - бюджеттик каражаттардын эсебинен.

Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кылмыш же жорук жасагандыгы үчүн жазасын өтөгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү боюнча жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин, миграция, улуттук коопсуздук, ички иштер, чек ара кызматынын органдарынын өз ара аракеттенүү тартиби, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө жана болууга тыюу салуу тартиби, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды республиканын сыртына чыгарып жиберүү боюнча чыгымдарды каржылоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 20-мартындагы № 37, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

20-статья. Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү

Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар алардын баруусуна ачык болгон Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эркин жүрө алышат.

Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн жабык жерлерге кирүү жана болуу ички иштер органдарынын уруксаты менен гана ишке ашырылат.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

21-статья. Жүрүү тартибин аныктоо

Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жүрүүсүнүн тартиби, тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган жарактуу документтер же аларды алмаштыруучу документтер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

Бул тартип ошондой эле Кыргыз Республикасында туруктуу катталган авиакомпаниялардын, банктардын, соода-өнөр жай фирмаларынын жана башка чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине да жайылтылат.

Тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында катталган чет өлкөлүк кабарчылардын жана журналисттердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2011-жылдын 26-июлундагы № 127, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

22-статья. Жүрүү документтери

Кыргыз Республикасында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын жарактуу документи болууга тийиш.

Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам паспортун же аны алмаштыруучу документин жоготкондугу жөнүндө ички иштер органынын жакынкы бөлүмүнө жана өзү таандык болгон мамлекеттик дипломатиялык өкүлчүлүккө же консулдук мекемесине дароо билдирүүгө жана бул факт жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастама алууга тийиш.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

23-статья. Транзит менен өтүү

Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өтүшү Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзит менен өтүүнүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген Эрежелерине жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерине ылайык ишке ашырылат.

(2-бөлүк КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

24-статья. Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын жеке жана кызматтык транспорт каражаттары менен кирүү, жол жүрүү, чыгып кетүү тартиби

Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын жеке жана кызматтык транспорт каражаттары менен кирүү, жол жүрүү, чыгып кетүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.

Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар кайрадан сөзсүз алып кетээри жөнүндөгү милдеттенме боюнча ташып кирген транспорт каражаттары белгиленген мөөнөт аяктаганда Кыргыз Республикасынан чет өлкөгө чыгарылып кетүүгө тийиш жана Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз алынып калышы мүмкүн эмес.

Ушул статьянын экинчи бөлүгүн бузуу менен алынган транспорт каражаты соттун чечими боюнча мамлекеттин кирешесине чегерилип коюлушу мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

25-статья. Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды чакырган жеке адамдардын жана юридикалык жактардын милдеттери

Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына чакырган жеке адамдар жана юридикалык жактар жана кабыл алуучу уюм чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укуктарын жана милдеттерин өз убагында түшүндүрүүгө, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасында болуу, республиканын аймагында жүрүү жана аларга аныкталган мөөнөт аяктаганда андан чыгуу укугун берген документтерин өз убагында каттоо жана даярдоо чараларын көрүүгө милдеттүү.

Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды каржылык камсыздоо жана медициналык тейлөө тараптардын жазуу жүзүндөгү башкача келишими болбосо, кабыл алынган тарапка жүктөлөт.

2-Глава Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына убактылуу жашоо үчүн кириши

 

26-статья. Убактылуу жашап турууга уруксат

Кыргыз Республикасына алты айдан ашык мөөнөткө келген, Кыргыз Республикасында тиричилик кылууга ачык мүмкүнчүлүгү бар чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга убактылуу жашап турууга уруксат төмөнкү максаттарда берилиши мүмкүн:

1) иштөөгө уруксат менен бирге эмгек келишим боюнча иштөөгө;

2) окуу жайдын өтүнүчү боюнча окуу жайда окууга;

3) Кыргыз Республикасынын аймагында инвестицияларды илгерилетүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген өтүнмөнүн негизинде инвестицияларды ишке ашырууга.

Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жашап турууга убактылуу уруксат төмөнкүдөй шарттарда берилиши мүмкүн:

1) бир жылдан ашпаган мөөнөткө, андан ары жыл сайын, бирок беш жылдан ашпаган мөөнөткө узартуу менен;

2) эмгек келишиминде белгиленген же башка иштерди аткаруу үчүн, анын ичинде окуу планында же илимий кызматташуу планында каралган мөөнөткө.

Жашап турууга убактылуу уруксат жогоруда аталган адамдардын үй - бүлө мүчөлөрүнө берилбейт.

(КР 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

26-1-статья. "Санариптик көчмөн" статусу

"Санариптик көчмөн" статусун алууга мүмкүнчүлүгү бар чет өлкөлүк жарандардын категориясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.

"Санариптик көчмөн" статусунун ээсинин укуктары жана милдеттери, ошондой эле "Санариптик көчмөн" статусун ыйгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.

"Санариптик көчмөн" статусун алууга төмөнкүдөй адамдар өтүнүч бере алышпайт:

- тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыш жасагандар;

- мамлекеттер аралык, улуттар аралык жана диний кастыкты козутууга багытталган аракеттерди жасагандар;

- Кыргыз Республикасынын эгемендигине жана көз карандысыздыгына каршы чыккандар, анын аймагынын биримдигин жана бүтүндүгүн бузууга чакыргандар;

- инсанга, мамлекеттик бийликке, коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке каршы кылмыштар, ошондой эле менчикке жана экономикалык ишти жүзөгө ашыруу тартибине каршы кылмыштар үчүн соттолгондор.

"Санариптик көчмөн" статусунун ээсинин жана анын жакын туугандарынын (жубайы, жашы жете элек балдары, анын багуусундагы жана көзөмөлүндөгү башка адамдар) Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.