Сравнение редакций…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы N 271 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралу ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 307, 2022-жылдын 29-июлундагы № 403, 2023-жылдын 28-августундагы № 429 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Суу жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, Кыргыз Республикасындагы башка мыйзам актыларына ылайык иштелип чыккан, дайра, көл, көлмө, суу сактагыч, каналдардын суу сактоочу зоналары (мындан ары - суу объектилери) үчүн колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Жобо менен Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар, суу объект тилкелери, сууну коргоочу зоналар менен тилкелерге кирген жерлерди чарба иши үчүн колдонуу режими, ошондой эле аларды тиешелүү абалда күтүү үчүн кандай жоопкерчилик талап кылынары белгиленет.
3. Сууну коргоочу зоналарда жана тилкелерди белгилөө канал бойлорунда суу бургуч тилкелерди, чарба иши жана ичүү үчүн колдонулуучу суу башаттарын санитардык коргоо зоналарын, балык чарба көлмөлөрү үчүн санитардык зоналарды, ошондой эле калкты дарылоо, дагы башка дартка даба болчу максаттар үчүн суу объектилери жайгашкан курортторду санитардык жактан коргоочу округдарды (алардын чеги жана колдонулуш режими күчүндө турган мыйзамдарга ылайык белгиленет) курууну кошо камтыйт.
4. Сууну коргоочу зоналар менен тилкелердин чеги физика-географиялык, топурак-гидрогеологиялык шарттарга, суу объектисинин же айрым участкасынын кайсы ишке колдонула турганына, рельефке, ошондой эле жалпы эле сууну керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгына жараша аныкталып белгиленет.
5. Сууну коргоочу зоналар менен суу бойлорундагы тилкелер чарбалардын жерди пайдалануу боюнча картографиялык материал-пландарында, курулуш жана башкалардын генпландарында көрсөтүлөт.
Суу бойлорундагы тилкелердин чеги даана көрүнгөн белгилер менен шаарлардын, өнөр жай борборлорунун аймактарында, көпчүлүк калк эс алган жерлерде, тындырбай айыл чарбасы үчүн колдонулган участкаларда гана белгиленет.
6. Сууну коргоочу зоналардын, тилкелердин өлчөмүн, ал жерлердеги режимди тактап-белгилегенде ушул Жобонун талаптары сөзсүз сакталыш керек.
II. Мамлекеттик органдардын компетенциясы
7. Сууну коргоочу зоналар менен суу объект тилкелерин тактап-белгилөө жумушу айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органга жүктөлөт. Алар бардык кызыкдар бирикме, ишкана, мекеме, уюм, чарбаларга жана граждандарга суу сактоочу зона, суу объект тилкелери, ошондой эле алардын территориясындагы суу сактоо тууралуу маалыматтарды жеткирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Сууну коргоочу зоналар менен суу өндүрлөрүн уюштуруу боюнча сунуштарды даярдап, кийирүүнү айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган камсыз кылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Сууну коргоочу зоналардын жана суу объекттеринин тилкелеринин өлчөмдөрү, алардын курамына кирген жерлерди пайдалануунун тартиби, ошондой эле сууларды коргоо схемаларынын долбоорлору айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Негизги талаптар
10. Сууну коргоочу зоналарда Жана суу объект тилкелеринде төмөнкүлөргө тыюу салынат:
а) мал чарба комплекстерин жана фермаларды, Канаттуулар фабрикаларын, мал чарба комплекстеринен чыккан саркынды сууларды топтоочуларды, даярдалган кык камтыган саркынды сууларды пайдаланган сугат системаларын, мал көмүлгөн жерлерди, кык көмүлгөн жана жыйналган жерлерди, таштанды жана өндүрүш калдыктары төгүлгөн жерди, механикалык устаканаларды, ошондой эле техникалык тейлөө, май куюучу жана автотранспортту, айыл чарба техникаларын жуучу пункттарды жайгаштырууга;
б) Жаңы өнөр жай ишканаларын курууга жана иштеп жаткандарын кеңейтүүгө жана реконструкциялоого;
в) авиациялык-химиялык иштерди жүргүзүү үчүн учуу-конуу тилкелерин орнотууга;
г) күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоо үчүн идиштерди орнотууга, уу химикаттарды жана минералдык семирткичтерди сактоо үчүн кампаларды, аппаратурага уу химикаттарды куюу үчүн аянтчаларды курууга;
д) суунун сапатына терс таасир тийгизе турган канализациялык-тазалоочу курулмаларды жана башка объекттерди жайгаштырууга;
е) суу объекттин суу коргоочу зонасынын ички чек арасынан 2000 м аз аралыкта айыл чарба жана токой талаасына уу химикаттарын авиация жолу менен чачууга жана минералдык семирткичтерди берүүгө;
ж) пайдаланылбаган пестициддерди, алардын калдыктарын жана таштандыларын, ошондой эле пестицид менен булганган таңгактоочу материалдарды жайгаштырууга;
з) дарак-бадал өсүмдүктөрүн кыюуга, буга токойго кам көрүү үчүн кыюулар жана санитардык кыюулар кирбейт;
и) кардын үстүнөн семирткичтерди берүүгө, семирткич катары кык камтылган саркынды сууларды пайдаланууга, туруктуу хлор органикалык уу химикаттарды колдонууга;
к) жүн жууга жана тери-булгаары чылоого;
л) койду күпкөгө салуу жана малды жаюу үчүн, өзгөчө дренаждык-колоттук элементтерди орнотууга;
м) суу сактагычка, дарыяларга, туруктуу же убактылуу суу агуучу колотторго тазаланбаган агынды сууларды агызууга;
н) жайылма көлдөрдү жана дарыя нуктарын тазалоого, жаратылышты коргоону жана жаратылыш ресурстарын пайдаланууну мамлекеттик контролдоочу органдар менен макулдашуусуз карьерлерди орнотууга;
о) суу объекттеринин абалына терс таасир тийгизүүчү иштердин башка түрлөрүн аткарууга.
Аталган чектөөлөрдөн тышкары жээктеги суу коргоочу тилкеде төмөнкүлөргө жол берилбейт:
- жайкы мал короолорун уюштурууга;
- өргүү базаларын, чатыр шаарчаларын жайгаштырууга;
- мергенчилердин жана туристтердин токтоосуна;
- автотранспортту жана айыл чарба техникасын токтотууга жана жууга.
Өргүү зоналары, суу коргоочу иш-чаралар жана аларды пайдалануу режими бар же уюштурулуп жаткан суу объекттеринин тилкелеринде тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдар менен белгилеген тартипте аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 403 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Суу коргоочу зоналардын жана тилкелердин чегинде төмөнкүлөргө уруксат берилет:
а) төмөнкүдөй балык өстүрүү-өндүрүп чыгаруу объекттерин жайгаштырууга:
- мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгон учурда, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын чектеринен тышкары жерде жайгашкан балык питомниктерин, урук чачуу-өстүрүү, балык өстүрүү жана балык багуу чарбаларын, балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык станцияларын, урук чачуу үчүн жасалма жайларды, балык өтүүчү каналдарды жана гидротехникалык курулмаларды;
б) төмөнкүдөй балык өстүрүү, балык уулоо, балык көбөйтүү жана балык запастарын өндүрүп чыгаруу үчүн жеңил конструкциялардан жасалган убактылуу балык өстүрүү объекттерин жайгаштыруу: балык запастарын сактоо жана көбөйтүү максатында балык чарбасы көлмөлөрүнө андан ары кое берүү менен икраларды инкубациялоо жана балык тукумун көбөйтүүчү материалды өстүрүү үчүн аппараттары бар инкубациялык цехтерди; балык өстүрүүчү инвентарларды жана жабдууларды, тор материалдарды, лотокторду жана бассейндерди; балык тоюттарын жана чакан көлөмдөгү кайыктарды.
в) энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануучу энергетикалык орнотмолорду курууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 403, 2023-жылдын 28-августундагы №429 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы N 271 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралу ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 307, 2022-жылдын 29-июлундагы № 403, 2023-жылдын 28-августундагы № 429 , 2026-жылдын 6-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык иштелип чыккан жана дарыялардын, көлдөрдүн, көлмөлөрдүн, суу сактагычтардын, каналдардын, гидротехникалык курулмалардын жана түзүлүштөрдүн, ичүүчү жана техникалык суу менен жабдуу булактарындагы суу алуучу жана коргоочу курулмалардын (мындан ары - суу объекттери) сууну коргоочу зоналарына жайылтылат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606, 2026-жылдын 6-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Бул Жобо менен Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар, суу объект тилкелери, сууну коргоочу зоналар менен тилкелерге кирген жерлерди чарба иши үчүн колдонуу режими, ошондой эле аларды тиешелүү абалда күтүү үчүн кандай жоопкерчилик талап кылынары белгиленет.
3. Сууну коргоочу зоналарда жана тилкелерди белгилөө канал бойлорунда суу бургуч тилкелерди, чарба иши жана ичүү үчүн колдонулуучу суу башаттарын санитардык коргоо зоналарын, балык чарба көлмөлөрү үчүн санитардык зоналарды, ошондой эле калкты дарылоо, дагы башка дартка даба болчу максаттар үчүн суу объектилери жайгашкан курортторду санитардык жактан коргоочу округдарды (алардын чеги жана колдонулуш режими күчүндө турган мыйзамдарга ылайык белгиленет) курууну кошо камтыйт.
4. Сууну коргоочу зоналар менен тилкелердин чеги физика-географиялык, топурак-гидрогеологиялык шарттарга, суу объектисинин же айрым участкасынын кайсы ишке колдонула турганына, рельефке, ошондой эле жалпы эле сууну керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгына жараша аныкталып белгиленет.
5. Сууну коргоочу зоналар менен суу бойлорундагы тилкелер чарбалардын жерди пайдалануу боюнча картографиялык материал-пландарында, курулуш жана башкалардын генпландарында көрсөтүлөт.
Суу бойлорундагы тилкелердин чеги даана көрүнгөн белгилер менен шаарлардын, өнөр жай борборлорунун аймактарында, көпчүлүк калк эс алган жерлерде, тындырбай айыл чарбасы үчүн колдонулган участкаларда гана белгиленет.
6. Сууну коргоочу зоналардын, тилкелердин өлчөмүн, ал жерлердеги режимди тактап-белгилегенде ушул Жобонун талаптары сөзсүз сакталыш керек.
II. Мамлекеттик органдардын компетенциясы
7. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча сууну коргоочу зоналарды жана суу объект тилкелерин белгилөө жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларына жүктөлөт. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэриялары сууну коргоочу зоналардын жана суу объект тилкелеринин өлчөмү жөнүндө, ошондой эле алардын аймагында белгиленген сууну коргоочу режим жөнүндө чечимдерди бардык кызыкдар юридикалык жана жеке жактарга жеткирет. Сууну коргоочу зоналар жана тилкелер суу объектин пайдалануучулар же жери суу объектине жанаша турган жерди пайдалануучулар тарабынан натуралай белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606, 2026-жылдын 6-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7-1. Сууну коргоочу зоналарды жана тилкелерди белгилөөдө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар же республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэриялары өздөрүнүн чечими менен туруктуу иштөөчү комиссияны түзөт, анын курамына жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын же республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу, айлана-чөйрөнү коргоо, экология, жаратылыш ресурстарын коргоо, санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик, архитектура жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2026-жылдын 6-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Сууну коргоочу зоналарды жана суу жээгиндеги тилкелерди уюштуруу боюнча сунуштарды даярдоону жана киргизүүнү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын же республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын туруктуу иштөөчү комиссиялары камсыз кылат.