КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1998-жылдын 30-марты N 27
Коммерциялык сыр жөнүндө
(КР 1998-жылдын 26-июнундагы N 83, 2007-жылдын 31-июлундагы N 125, 2009-жылдын 26-июнундагы N 192, 2018-жылдын 6-августундагы N 88 , 2025-жылдын 27-январындагы № 28, 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 204 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык сырды сактоонун укуктук негиздерин аныктайт.
Ушул Мыйзамдын максаты коммерциялык сырды сактоодо жана экономикалык ишти жүзөгө ашырууда кара ниеттик атаандаштыкты болтурбай коюу болуп эсептелет.
I бөлүм Жалпы жоболор
1-статья. Коммерциялык сырдын түшүнүгү
1. Чарба жүргүзүүчү субъектинин өндүрүшүнө, технологиясына, башкаруусуна, финансылык жана башка ишине байланыштуу мамлекеттик сыр болуп эсептелбеген, аларды ачыкка чыгарганда анын таламдарына зыян келтирилиши мүмкүн болгон маалыматтар коммерциялык сыр деп түшүнүлөт.
2. Коммерциялык сырды түзгөн маалыматтар ишкер субъектинин менчиги болуп эсептелет болбосо мыйзамдарга ылайык белгиленген чектерде анын ээлигинде, пайдалануусунда же тескөөсүндө болот.
2-статья. Коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарга коюлуучу талаптар
Коммерциялык сырды түзгөн маалыматтар төмөндөгү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
а) ишкер субъект үчүн чыныгы же потенциалдуу баалуулукка ээ болууга;
б) мыйзамдарга ылайык жалпыга белгилүү же жалпынын билишине мүмкүн болбоого;
в) аталган маалыматтарды классификациялоонун тутуму аркылуу алардын жашырындуулугун сактоо боюнча тиешелүү чаралар ишкер субъектилер тарабынан тиешелүү деңгээлде белгиленүүгө, пайдаланууну чектөөнүн ички эрежелерин иштеп чыгууга, документтерди жана башка маалымат алып жүрүүчүлөрдү тиешелүү эн белгилерин коюуну жүргүзүү, аларды эсепке алууну сактоону жана колдонууну уюштурууну камтууга.
3-статья. Коммерциялык сырды санкциясыз ачыкка чыгаруу
Чарба жүргүзүүчү субъектинин коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды билген же болбосо коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды мыйзамсыз алган кызматкерлеринин же коммерциялык сырды билүүгө мүмкүнчүлүгү болгон башка жеке же юридикалык жактардын кыянаттык менен жасалган аракеттери алардын алдын ала билинип калышына жана контролсуз пайдаланышына же жайылтылышына алып келгендигине байланыштуу чарба жүргүзүүчү субъектинин таламдарына зыян келтирилгенде же келтирилиши мүмкүн болгондо коммерциялык сырды санкциясыз ачыкка чыгаруу деп түшүнүлөт.
(КР 1998-жылдын 26-июнундагы N 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II бөлүм Коммерциялык сырдын субъектилери жана объектилери