Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-январы № 4
“КР өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген жобого ылайык айыл статусу жок калктуу конушка айыл статусун берүү жөнүндө”
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин милдетин аткаруучу И.Шерказиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген жобого ылайык айыл статусу жок Кабак-Дөң калктуу конушуна “Ынтымак” жана “Бөктөр”, “Көлмө”, “Түшө-Калыш” калктуу конуштарына “Ак-Дөбө” айыл статусун ыйгарууну тиешелүү жетекчиликтен суралсын.
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин karasuu.biz.kg дарегине расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Азимбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Малабеков |