Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-январы № 99/17-7
“Талас шаардындагы А.Огомбаев, К.Нуржанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан курулушу бүтө элек, жер аянты менен 45 505072 сомго эсептелген курулуш обьектисин Талас шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2.5.пункттары, Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 2-бөлүмүнүн 8-9-пункттары, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 17.01.2017-жылдагы № 01-1/48 сандуу катынын негизинде, Талас шаарынын А.Огомбаев менен К.Нуржанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан маданият үйү үчүн салынып, курулушу бүтө элек имаратты Талас шаардык муниципалдык менчигинин балансына өткөрүп, реестрге киргизүү жана менчик укугун калыптандыруу максатында карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы А.Огомбаев менен К.Нуржанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан курулушу бүтө элек, жер аянты менен 45 505072 сомго эсептелген курулуш обьектиси Талас шаарынын муниципалдык менчигинин балансына өткөрүлүп, реестрге киргизилсин жана документтик иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык келтирүү жагы Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгына (М.Долдоев) милдеттендирилсин.
2. Курулуш имаратын 42 705072 сомго, ээлеген жер участогун 2 800000 сомго жалпы 45 505072 сомго эсептеп, баланстык баасын чыгарган көз карандысыз баалоочуга төлөнө турган 25000 сом акча каражаты Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын атайын эсебинен каржылансын.
3. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төрага | М. Есенкулов |