Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2018-жылдын 14-февралы № 103/18-7
“Талас шаарынын А.Оторбаев көчөсүндөгү №2 КФ “Билимкана” дарегинде жайгашкан жер тилкесинин максаттык багытын К-2 багытынан С-2 багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 07.12.2017-жылдагы №01-1/1538 чыгыш сандуу катынын негизинде Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын А.Оторбаев көчөсүндөгү № 2 КФ “Билимкана” дарегинде жайгашкан жер тилкесинин максаттык багытын К-2 багытынан С-2 багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун негизинде мыйзам талаптарынын чегинде иш алып баруу жагы Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу- мэриясына (биринчи вице-мэр Д.Курманалиев) милдеттендирилсин.
3. Талас шаарынын жаңы бекитиле турган Генералдык планына киргизүү жагы Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин башкы адисине (Т.Кыдырбаева) тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
Төрага | М. Есенкулов |