Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2018-жылдын 14-февралы № 104/18-7
“Талас шаардык кеңешинин 18.01.2018-жылдагы №97/17-1 сандуу “Үлүштүк (дем берүүчү) долбоорлорду тандоо комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” №230 сандуу токтомуна, 2015-жылдын 22-декабрындагы өзгөртүү киргизүү жөнүндө №86 токтомун иш жүзүнө ашыруу максатында, Талас шаарынан дем берүүчү (үлүштүк) гранттарга жазылган долбоорлорду тандоо үчүн түзүлгөн шаардык тандоо комиссиясынын курамын жогорудагы аталган токтомдун жобосунун 2-бөлүгүнүн 2.1.параграфынын 11-пунктуна ылайык өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Талас башкармалыгынын 05.01.2018-жылдагы №01-04/20 чыгыш сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 18.01.2018-жылдагы №97/17-1 сандуу “Үлүштүк (дем берүүчү) долбоорлорду тандоо комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө макулдук берилсин.
Талас шаарынын үлүштүк (дем берүүчү) гранттарга жазылган долбоорлорду тандоо боюнча шаардык комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин башкы адисине (Т.Кыдырбаева) тапшырылсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |
1-Тиркеме
Үлүштүк (дем берүүчү) долбоорлорду тандоо комиссиясынын курамы
Есенкулов Мирлан Ишенбекович-Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин төрагасы;
Досманбет уулу Доктурбек-комиссиясынын мүчөсү, КР Каржы министрилигин Талас башкармалыгынын финансы-бюджеттик координациялоо бөлүмүнүн башчысы;
Мүсүралиев Айбек Сүйүнтбекович-комиссиясынын мүчөсү, КРнын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Долдоев Марат Садыржанович-комиссиясынын мүчөсү, Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы;
Мүсүралиева Нуржан Суюналиевна-комиссиясынын мүчөсү, “Талас айымдары” коомдук уюмунун мүчөсү;
Күрүчбекова Асель Сыргабаевна-комиссиясынын мүчөсү, “Аялзат” коомдук уюмунун юристи;
Абдыкадыров Бакытбек Шайлообекович-комиссиясынын мүчөсү, КРнын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча Талас облустук бөлүмүнүн башкы адиси;
Атаканов Нурлан Чырбанович-комиссиясынын мүчөсү, Талас бизнес борборунун координатору;
Такелеев Бектурсун Искендерович-комиссиясынын мүчөсү, Талас ЖИА бизнес Ассоцациясынын аткаруучу директору;
Башкы адис | Т.Кыдырбаева |