Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыштагы кезексиз XVIII- сессиясы
2018-жылдын 14-февралы № 105/18-7
“Талас шаардык кеңешинин 01.12.2017-жылдагы №84/14-7 сандуу “Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсүн абаттоо долбоору жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүңдөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын 10.11.2014-жылдагы № 633 сандуу токтомуна ылайык, Талас шаарынын жергиликтү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 05.02.2018-жылдагы №01-3/169 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсүн көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында туя(колоновидная) көчөттөрүн сатып алууга жана отургузууга жалпы суммасы 6 000,0 (алты миллион) сомду түзгөн долбоорун Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо боюнча карап,талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсүн көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында туя(колоновидная) көчөттөрүн сатып алууга жана отургузууга жалпы суммасы 6 000,0 (алты миллион) сомду түзгөн долбоорун Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунуштоого макулдук берилсин.
Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин башкы адисине (Т.Кыдырбаева) тапшырылсын.
Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Мүсүралиева Н.С.) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |