Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-февралы № 150
“Токтогул шаарында ичүүчү сууну жана саркынды суу кетүүчү түтүктөрдү пайдалангандык үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө”
Токтогул шаарынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу багытында Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык “Суу Канал” ишканасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) 2017-жылдын 11-майында келишим түзүшкөн. Аталган келишимдин талаптарына ылайык, “Таза Суу” долбоорунун алкаганда ичүүчү таза сууну, саркынды сууларды кетирүүчү түтүктөрдү (канализация) пайдалангандык үчүн тарифтерди жогорулатуу боюнча сунушталган тарифтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук бөлүмү менен макулдашылган.
Токтогул өндүрүштүк-эксплуатациялык “Суу канал” ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаевдин сунушу бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тарифтерди негиздөөчү эсептөөлөрдүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук бөлүмү менен макулдашылгандыгы эске алынсын.
2. Шаар аймаганда ичүүчү таза сууну жана саркынды суу кетүүчү түтүктөрдү пайдалангандыгы үчүн тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
3. Бекитилген жаңы тарифтер боюнча жашоочулар арасында, мекеме, ишканалардын жетекчилерине, коммерциялык уюмдардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду аткаруу “Суу канал” ишканасынын жалпы эмгек жамаатына, жетекчисине (Ч.Анарбаев), Токтогул шаарын мэрине (М.Калмурзаев) милдеттендирилсин.
6. “Экономика, бюджет, финансы рыноктук инфраструктура, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясы (Э.Джумабаев) бул токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлгө алсын.
7. Ушул токтом колдонууга киргизилген күндөн баштап Токтогул шаардык кеңешинин 19.01.2018-жылдагы кезектеги XXXII сессиясында кабыл алынган № 148 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
8. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | К.Дербишев |
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын
02.02.2018-жылдагы кезексиз XXXIII сессиясынын № 150
токтомуна Тиркеме
Токтогул шаарында 2018-жылдын 1- январынан баштап ичүүчү сууну жана саркынды сууларды кетирүүнү (канализация) пайдалангандык үчүн тарифтер
№ | Ачыктама | Өлчөө бирдиги | Баасы (сом) |
Ичүүчү суу үчүн | |||
1 | Токтогул шаарынын жашоочуларына | сом/1 м3 | 8,26 |
2 | Бюджеттик мекемелерге | сом/1 м3 | 14,72 |
3 | Коммерциялык ишканаларга | сом/1 м3 | 14,72 |
Саркынды суу кетирүү үчүн | |||
4 | Саркынды сууну кетирүүгө | сом/1 м3 | 12,54 |
Төрага | К.Дербишев |