Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-январы № 3
“Кара-Булуң айылына «Чет-Келтебек» участогунан тартылып жаткан таза суу линиясынын долбооруна кайрадан толуктоо жана өзгөртүү киргизүүгө сунуш берүү жөнүндө”
Кара-Булуң айылына «Чет-Келтебек» участогунан тартылып жаткан таза суу линиясынын долбооруна кайрадан толуктоо жана өзгөртүү киргизүүгө карата талкуулап чыгып, айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү климаттык, географиялык жана экологиялык шартка байланыштуу, комиссиянын актысынын негизинде, Кара-Булуң айылына «Чет-Келтебек» участогунан тартылып жаткан таза суу линиясынын долбооруна толуктоо жана өзгөртүү киргизип берүү жагы Нарын капиталдык курулуш башкармалыгына жана «Долбоор» жоопкерчилиги чектелген коомуна тапшырылсын.
2. Кара-Коюн айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссиясынын актысы бекитилип, кайра оңдолуп түзөтүлүүчү долбоорго сметага киргизилсин.
3. Киргизилген өзгөртүүлөр келишим түзүлгөн сметалык нарктан ашык чыкпасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Таштановго тапшырылсын.
Каттоо №50
Төрага | Ш. Апысов |