Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-декабры № 1
«Кара-Коюн айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын тургуну Ибраева Күлүйпанын кайрылуусу жөнүндө»
Кара-Коюн айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын тургуну Ибраева Күлүйпанын кайрылуусун карап талкуулап чыгып, айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Коюн айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын тургуну Ибраева Күлүйпанын кызы Жума кызы Болсунга бөйрөгүн алмаштырууга карата жардам берүү үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен резервдик фондунан 50 (элүү) миң сом бөлүнүп берилсин.
2.Резервдик фонддон бөлүнгөн 50(элүү) миң сом акча каражаты Жума кызы Болсун үчүн ачылган банктык эсебине которуу жагы башкы бухгалтер Ф.Токушевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Таштановго тапшырылсын.
Каттоо № 44
Төрага | Ш.Апысов |