Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-декабры № 3
“Кара-Коюн айыл аймагынын жайыт комитетинин бюджетин толтуруу, жайыт акыны өндүрүү жөнүндө”
Кара-Коюн айыл аймагынын бюджетинин аткарылышы боюнча карап талкуулап чыгып, айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл аймагынын жайыт комитетине жайыт акыны чогултуу, өндүрүү бюджетти толтуруу максатында айыл өкмөттүн жооптуу катчысы жана Кара-Булуң айыл башчысы аркылуу берилүүчү малдын справкасы 2018-жылдын январь айынын аягы менен мал каттоо жыйынтыкталгандан кийин Кара-Коюн айыл аймагынын Жайыт комитетине өткөрүлүп берилсин.
2. Айыл аймагынын жайыт комитетине малга справка берүүдө жоопкерчилиги жогору экендиги эскертилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Б.Осмоналиевге тапшырылсын.
Төрага | Ш.Апысов |