Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-октябры № IY/II
“Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана пайдаланылбай калган акча-каражаттар кайрадан бөлүштүрүлүп пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө”
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана пайдаланылбай калган акча-каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн бухгалтери Н.Барктабасованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги IY сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана пайдаланылбай калган акча-каражаттар кайрадан бөлүштүрүлүп пайдаланууга уруксат берилсин.
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана пайдаланылбай калган 221,8 миң (эки жүз жыйырма бир миң сегиз жүз) сом акча-каражаттар айыл аймагында төмөндөгү иштерди аткарууга жумшалсын.
-Түшүм майрамын өткөрүүгө сом жалпы сумма 20,0 (жыйырма миң )сом.
-Ит атууга 10,0 (он миң )сом.
-Жол белгилерин койдуруга 30,0 (отуз миң )сом.
-Д.Өмүралиев көчөсүн кырдырууга 10,0 (он миң )сом.
-Айыл өкмөттүн жылытуу системасына 80,0 (сексен миң )сом.
-Айыл өкмөттүн ички ремонтуна 20,0 (жыйырма миң )сом.
-Спорт зал,ФАП смета түзүүгө 27,8 (жыйырма жети миң сегиз жуз)сом.
-ФАПка какырык алуучу жай салууга 6,0 (алты миң )сом.
-Мектеп ремонтуна 9,0 (тогуз миң ) сом.
-Зордук-зомбулук иш чарасын өткөрүүгө 3,0 (үч миң )сом.
-Айылдык китепканага 2018-жылдын 1-жарым жылдык газеттеринин тиркемеси үчүн 6,0 (алты миң )сом.
3.Мектептин эшик терезесин алмаштырууга каралган 44,7(кырк төрт миң жети жүз)сом айылдык бала-бакчасынын капиталдык ремонтунун сметасын түздүртүүгө которулуп берилсин.
4.Айылдык китепканада “бирге окуйбуз” иш-чарасына бөлүнгөн 2,0 (эки миң )сом акча-каражаты китеп фондусун түзүүгө жылыштырылып берилсин.
5. Бул бөлүнгөн акча-каражаттарды өз максатында пайдаланууну аткарууга жана жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Н.Барктабасовага тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Мурзалиев |