Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги IY сессиясы
2017-жылдын 4-октябры № IY/Y
«Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды колдонуу жана эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобосун бекитүү жана аткарууга алынуу жөнүндө»
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды колдонуу жана эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобосун айыл өкмөттүн башчысы Н.Жунусовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги IY сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды колдонуу жана эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин жана аткарууга алынсын.
2. Бекитилген жобого ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Н.Барктабасовага тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Н.Жунусовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мурзалиев |