Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4- октябры № IY/YI
“Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы дыйкандар тарабынан айдалган 125га арпа аянтынын 48га арпа аянты кесек тоют катары чөпкө чабылып кеткендиктен дан эгининин отчетунан кыскартуу жөнүндө”
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында дыйкандар тарабынан айдалган дан эгиндеринин аянтынан кыскартуу жөнүндөгү статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адиси А.Абдыралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги IY сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1.Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы дыйкандар тарабынан айдалган 125га арпа аянтынын 48га арпа аянты кесек тоют катары чөпкө чабылып кеткендиктен дан эгининин отчетунан кыскартылсын.
2. Кесек тоют катары чабылып кеткен 48га арпа аянты боюнча тиешелүү райондук мекеме-ишканаларга отчет берүү жагы айыл өкмөттүн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адиси А.Абдыралиевге тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Н.Жунусовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Мурзалиев |