Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-октябры № YI/I
«Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорунун 3-траншын ишке ашыруу максатта Ача-Кайынды айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдын 12-октябрындагы № 3 протоколу менен кабыл алынган токтому бекитүү жана аткарууга алынуу жөнүндө»
Ача-Кайынды айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж.Нурмамбетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз YI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
“Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорунун 3-траншын ишке ашыруу максатта Ача-Кайынды айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдын 12-октябрындагы №3 протоколу менен кабыл алынган токтому бекитилсин жана аткарууга алынсын.
Ача-Кайынды айыл аймагында “көчмө кыркым уюштуруу”жана “маданий жайыт жерлерин жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж.Нурманбетовго тапшырылсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана жетекчиликке алуу жагы
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Мурзалиев. |