Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-ноябры № 27-17/13
"Каракол шаарынын ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу жөнүндө”
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин сунушун талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVII сессиясы,
токтом кылат:
Шаардын өнүгүүсүнө өзгөчө салымын кошкондугу үчүн, "Каракол шаарынын Ардактуу атуулу наамы жөнүндөгү" Жобонун II-бөлүмүнүн, 4-пунктуна ылайык,"Каракол шаарынын ардактуу атуулу" наамы, Ниязалиева Дамира Абаскановнага, өзгөчөлүк иретинде, кезексиз берилсин.
Кабыл алынган токтомдун негизинде, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши жана Каракол шаарынын мэриясы, Ниязалиева Дамира Абаскановнага "Каракол шаарынын ардактуу атуулу" наамын берүү боюнча, аракеттеги Жобого ылайык, бирдиктүү токтом чыгарышсын.
Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Токтом ММКларда жарыялансын.
Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дж.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |