Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-январы № 3
« Нарын шаарынын калкына таза суу менен камсыз кылуу жана ыплас сууларды кабыл алуудагы кызмат акы тарифине жана калкка кызмат көрсөтүүдөгү таштандыларга төлөнүүчү тарифине макулдук берүү жөнүндө»
Нарын шаардык мэриясы 2017-жылдын 20-декабрында Нарын шаардык Кеңешине Нарын суу-канал ишканасынын таза суу менен камсыз кылуу жана ыплас сууларды кабыл алуудагы тарифи 2014-жылдан бери жана Нарын шаарында калкка кызмат көрсөтүүдөгү таштандылардын тарифи 2012-жылдан бери көтөрүлбөй келгендигин белгилеп, Нарын шаардык суу-канал ишканасынын жана Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын таштандыларга төлөнүүчү тарифин көтөрүп берүү боюнча кат менен кайрылган.
Нарын шаардык мэриясынын сунуш каты үстүбүздөгү жылдын 9 жана 16-январында 3 туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, жактыруу менен бул маселени шаардын эли менен бирдикте коомдук угууда талкуулоону сунушташкан. Туруктуу комиссиялардын сунушунун негизинде 2018-жылдын 19-январында шаардын элинин катышуусунда коомдук угуу өткөрүп, талкуулоо менен бир добуштан жактырылды.
Шаардык Кеңештин алдындагы 3 туруктуу комиссиянын жана коомдук угуудагы шаардын элинин сунуштарын талкуулап, шаардык Кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
Нарын суу - канал ишканасынын таза жана ыплас сууга болгон төлөмдөрүнүн жаңы тарифине жана Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын калкка кызмат көрсөтүүдөгү таштандыларга төлөнүүчү жаңы тарифине макулдук берилсин (тарифтердин баасы тиркелет).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу Мамлекеттик агенттигинин Нарын облусу боюнча бөлүмүнөн сессияда макулдук берилген жаңы тарифтерди бекиттирүү Нарын суу-канал ишканасына жана Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жетекчилерине таапшырылсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ««Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ботоканов |
Нарын шаардык Кеңешинин
26-январь 2018-жылдагы
IV чакырылыштагы кезектеги
XIII сессиясынын №3 токтомунун №1 тиркемеси
Нарын суу-канал ишканасынын таза суу менен камсыз кылуу жана ыплас сууларды кабыл алуудагы 2015-жыл менен 2018-жылдын салыштырма баасынын
ДОЛБООРУ
№ |
Аталышы | Баалар 2015-жыл | Баалар 2018-жыл | ||
Таза суу (сом) | Ыплас суу(сом) | Таза суу (сом) | Ыплас суу(сом) | ||
| Калк үчүн (сатык салыгы менен) Тариф (м)3 | 3,91 | 7,80 | 7,65 | |
|
| ||||
1 | Көп кабаттуу жана үйдүн ичинен суу чыккан, канализациясы бар тургундарга 1 адамга 1 айга | 19,60 | 19,00 | 23,72 | 23,00 |
2 | Үйүнүн ичинде суусу бар тургундарга 1адамга 1 айга (канализациясы жок) | 19,41 |
| 23,72 |
|
3 | Көчөдөгү колонкадан суу алуучу тургундарга 1 айга | 4,25 |
| 8,30 |
|
Ишкана-мекемелерге
4 | Коммуналдык бюджеттеги мекемелерге 1м\куб үчүн | 18,00 | 17,00 | 21,00 | 20,00 |
| Кошумча нарк салыгы 12% Жалпысы: | 2,16 | 2,04 | 2,52 | 2,40 |
20,16 | 19,04 | 23,52 | 22,40 | ||
5 | Чарбалык эсептеги мамлекеттик жана менчик (ишканалар, дүкөндөр, ашканалар ж.б) 1м\куб үчүн | 19,00 | 19,00 | 23,0 | 23,00 |
6 | Кошумча нарк салыгы Сатуудан алынуучу салык 2% Жалпысы: | 2,28 | 2,28 | 2,76 | 2,76 |
0,38 | 0,38 | 0,46 | 0,46 | ||
21,66 | 21,66 | 26,22 | 26,22 |
Жооптуу катчы А.Абдыкеримов
Нарын шаардык Кенешинин
26-январь 2018-жылдагы
IV чакырылыштагы кезектеги
XIII сессиясынын № 3 токтомунун
№ 2 тиркемеси
Калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы
таштандынын тарифин көтөрүү боюнча 2018-жылга
ДОЛБООРУ
№ | Таштанды үчүн жыйым төлөөчүлөрдүн аталышы | Сан өлчөмү | 2012-жыл Тариф боюнча айына алынуучу акы (сом) | 2018-жыл Тариф боюнча айына алынуучу акы (сом) |
12 (сом) | ||||
1 | Калктын саны (27000адам) | 1 адам | 8 | 12 |
2 | Дүкөндөр 20м2 (Азык түлүк) | 1м2 | 5,33 | 5,33 |
3 | Дүкөндөр 20м2 (Чарба товарлар) | 1м2 | 5,33 | 5,33 |
4 | Күркөөлөр 30 м2 | 1м2 | 1 | 2 |
5 | Коомдук тамактануучу жайлар | 1 орун | 2,66 | 5 |
6 | Жайма базарлар | 1м2 | 0 | 5 |
7 | Аптекалар | 1м2 | 1 | 3 |
8 | Чач тарачтар | 1м2 | 5,33 | 6 |
9 | Отук оңдоочу жайлар | 1м2 | 5,33 | 6 |
10 | Мончолор | 1м2 | 2,66 | 4,5 |
11 | Май куйуучу бекеттер (60 м2), | 1 м2 | 3,33 | 5 |
12 | Газ балон алмаштыруучу жайлар | 1м2 | 0 | 1 |
13 | Автобекет | 1м2 | 3,33 | 3,33 |
14 | Базарлар | 1м2 | 0,53 | 5 |
15 | Конок үйлөр | 1 орун | 4,56 | 5 |
16 | Бала бакчалар (жеке менчик) | 1 орун | 2,66 | 2,66 |
17 | Маданият үйү, китепкана | 1 орун | 1,33 | 1,33 |
18 | Мектептер (жеке менчик) | 1 окуучу | 0,66 | 0,66 |
19 | Жогорку окуу жайлар (жеке менчик) | 1 окуучу | 0 | 3,33 |
20 | Ооруканалар (мамлекеттик) | 1 койка | 2,33 | 3 |
21 | Ооруканалар (жеке менчик) | 1 койка | 0 | 5,2 |
22 | Поликлиникалар (мамлекеттик) | 1 кызматчы | 1,2 | 2 |
23 | Поликлиникалар, Лаборатория (жеке менчик) | 1 кызматчы | 0 | 5,2 |
24 | Мекеме ишканалар | 1 кызматчы | 1,46 | 3 |
25 | Банктар | 1 кызматчы | 1,46 | 5,2 |
26 | Вулканизация, Сто, Автоунаа жуучу жай, май алмаштыруучу жайлар | 1м2 | 0 | 6 |
27 | Коомдук эс алуучу жайлар (Бильярд, интернет клуб, ж.б.) | 1м2 | 0 | 5 |
28 | Телевизор, радио ж.б. ондоочу жайлар | 1м2 | 0 | 7,5 |
29 | Мал башына (майда жана бодо малга) | Мал башына | 0 | 3 |