Редакцияот 14.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ү1 ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ 13-СЕССИЯСЫ

2017-жылдын 14-январы № 67

«Бешкент айыл аймагындагы айылдарга инвестиция тартуунун абалы жөнүндө»

 Бешкент айыл аймагындагы айылдарга инвестиция тартуунун абалы жөнүндө Бешкент айыл Өкмөтүнүн сатып алуулар жана инвестиция боюнча адиси Алимбеков Каныбектин маалыматын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1.    Бешкент айыл аймагындагы айылдарга инвестиция тартуу боюнча 2017- жылдын жарым жылдыгындагы жүргүзүлгөн иштер канаатандырарлык деп табылсын

2.    Айыл аймагындагы Өкмөтүнө жана айылдарга инвестиция тартууда 2017 жылдын жарым жылдыгында жакшы иштердин мисалы жайыт комитети менен бирге Дашрабад участкасындагы скважинадан суу чыгаруу,Бешкент айылындагы төрөт үйүн капиталдык ремөнттон өткөрүү ж.б.у.с жумуштардын бүтүү алдында турганы көнүлгө алынсын

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет.экономика ишкердик иш,инвестиция,айыл чарбасы жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

О. Баховатдинов