Редакцияот 25.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Халмион айыл аймагынын айылдык кеңешинин бешинчи чакырылыш кезексиз жыйырма тогузунчу сессиясы

 

2016-жылдын 29-августу №29/1

Халмион айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылышы жөнүндө

Халмион айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылышы боюнча отчеттун угуп талкуулап чыгып Халмион айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Халмион айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылышы жөнүндө отчету канаатандырарлык деп табылсын.

2. 2016-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата берилген кошумча тапшырмаларды аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн апаратына тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет комиссиясынын төрагасы С. Юсуповго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Д. Сиддиков.