Редакцияот 14.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ү1 ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ 13-СЕССИЯСЫ

2017-жылдын 14-августу № 66

 «Бешкент айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 6 ай ичинде аткарылышы жөнүндө»

Бешкент айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 6 ай ичинде аткарылышын угуп жана талкуулап Бешкент айыл Кеңеши

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1. Бешкент айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6 айлыгында жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 3729,5 мин сомду, ал эми чыгаша бөлүгү 4920,7 мин сом экендигин белгиленсин.

2. Айыл Өкмөтүнүн киреше болүмүнүн планы 123,6%ке аткарылса, чыгаша бөлүмүнүн планы 51,9% аткарылгандыгы үчүн канаатандырарлык деп табылсын.

3. Бешкент айыл Өкмөтүнүндө салыктардын кээ бир түрлөрүнүн планы аткрылганы менен кээ бир салык түрлөрү боюнча пландар толбой жатканы мисалы (физ.салык, а/ч арналбаган салык ФПС ижара) ушул күнгө чейин аткарылбай келгендиктен бүл боюнча финансы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Хасанов Мдан жоопкерчилик суралсын.

4. Чыгаша бөлүмүндө да кээ бир статьялар боюнча пландын аз аткарылгандыгы (ар түрдүү чыгымдар) белгиленсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин экономика, план бюджет жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрага

О. Баховатдинов