Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-октябры № 1
«Кара-Коюн айыл аймагынын бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Кара-Коюн айыл аймагынын 2017-жылга карата бюджетинин 9 айына карата аткарылышын карап талкуулап чыгып, айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Коюн айыл аймагынын 2017-жылга каралган бюджетинен 9 айдын аткарылышынын жыйынтыгы менен үнөм болгон статьядан Кызыл-Туу айылынын Койчуманов Темирбек атындагы көчөсүнө таза суу линиясын өткөрүү үчүн жазалуучу иштерине 270(эки жүз жетимиш) миң сом бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтерии Ф.Токушевага тапшырылсын.
Төрага | Ш.Апысов |