Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры № 27-18/11
“Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Ж.Джоробековдун, 2017-жылдын 1-ноябрындагы, кир.№01-7/521 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө, Каракол шаарынын мэринин резервдик фондунун эсебинен 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн таап, бөлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |