Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-июну № 11
“Трансформатор орнотуу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө»
Май айыл өкмөтүнүн Май айылынын А.Чыналиев, А.Каратаев, Калекеев, Ж.Жөнөтбаев көчөлөрүнө трансформатор жана К. Молдоналиев,А. Осмоналиев, Рысалы-Ата көчөлөрүнө электр чубалгаларын тартуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү максатында
токтом кылат:
Май айылынын төмөнкү көчөлөрүнө жогорку чыӊалуу электр тогун бөлүштүрүүчү трансформатор жана электр чубалгаларын тартуу
А.Чыналиев- трансформатор орнотууга 16 кв.м ( он алты), электр чубалгысын тартуу үчүн 1800 (бир миӊ сегиз жүз) метр
А. Каратаев – трансформатор орнотууга 16 кв.м (он алты), электр чубалгысын тартуу үчүн 550 (беш жүз элүү) метр
Калакеев – трансформатор орнотууга 16 кв.м (он алты), электр чубалгысын тартуу үчүн 1200 (бир миӊ эки жүз) метр
Ж. Жөнөтбаев–трансформатор орнотууга 16 кв.м (он алты), электр чубалгысын тартуу үчүн 700 (жети жүз) метр
К. Молдоналиев электр чубалгысын тартуу үчүн 700 (жети жүз) метр
А. Осмоналиев электр чубалгысын тартуу үчүн 1000 (бир миӊ) метр
Рысалы – Ата электр чубалгысын тартуу үчүн 700 (жети жүз) метр бетон карагай орнотуу үчүн жер бөлүнүп берилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Май айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Рыскуловго милдеттендирилсин.
Төрага | И.Өзүбеков |