Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-июну № 13
“Айып акы салынышы жана айып акылардын өлчөмүн бекитүү жөнүндө”
Май айыл аймагына караштуу муниципалдык менчикте катталган “Маданий борборуна” калктуу конуштардын малдары кирип, тал-теректерге көп зыян келтирип жаткандыгына байланыштуу айып акылардын салынышы жана айып акылардын өлчөмүн бекитүү боюнча Май айыл аймагынын айылдык кеңеши талкуулап
токтом кылат:
Муниципалдык менчикте катталган “Маданий борборуна” малдардын кирүүсү катталса, айып акылар төмөндөгүдөй өлчөмдө салынсын:
- Бодо мал (уй, торпок) жана жылкылар (кулун-тай) үчүн - 3000 сом;
- Кой-эчкиге (козу-улак )үчүн - 500 сом.
Май айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жерлерине коӊшуу айылдардын малдары кирип жайылса айып акылар төмөндөгүдөй өлчөмдө салынсын:
- Бодо мал (уй, торпок) жана жылкылар (кулун-тай) үчүн - 1000 сом;
- Кой-эчкиге (козу-улак ) үчүн - 300 сом.
3. Токтомдун негизинде иш алып баруу жагы Май айыл өкмөт башчысына
(К.Рыскулов ) тапшырылсын;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Май айылдык кеңешинин
агрардык комиссиясынын төрагасына (Т.Рыскуловго) милдеттендирилсин.
Төрага | И. Өзүбеков |