Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-июну № 14
«Тал-теректерди кыюу жөнүндө»
Өзгөчө кырдаал мезгилинде болгон катуу шамалдан муниципалдык менчикте катталган «Маданий борборундагы» тал-теректтер кулагандыгына байланыштуу Май айылдык кеңеши
токтом кылат:
1.Өзгөчө кырдаал мезгилинде болгон катуу шамалдан муниципалдык менчикте катталган «Маданий борборундагы» тал-теректтер төмөнкү баада сатылсын:
Жоон теректер -1000 сом
Жоондон ичкерээк теректер -700 сом
Орто теректер – 500 сом
Майда теректер -300 сом
2.Сатылган тал-теректерди максаттуу пайдалануу айылдык аймактык комиссиясынын чечими менен жүргүзүлсүн;
3.Токтомдун негизинде иш алып баруу жагы айыл башчысы (Е.Мамырбаев ) тапшырылсын;
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | И.Өзүбеков |