Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-апрели № 12
“Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин арендага берүү жөнүндө”
Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык кеңеши кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин арендага берүү боюнча маселени талкуулап, Кара-Суу айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлериндеги 6 га жерди аукцион менен арендага 5 жылга берилсин.
2. Аукционго коюлган 6 га жердин старттык баасы 5000 сомдон башталсын.
3. Жарандардан түшкөн арыздарды кабыл алуу жана аукционду уюштуруу жагы башкы адис А.Орозбаевага милдеттендирилсин.
4. Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин арендага берүү боюнча келишим түзүү жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Р.Биримкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |