Редакцияот 13.09.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Жалпак-Таш айылдык кеӊешинин VI чакырылыштагы кезектеги IXсессиясы

 

2017-жылдын 13-сентябры № 30

 Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2012-жылдын 1-февралындагы №3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесине таянып Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2012-жылдын 1-февралындагы №3 токтомунун 5-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп,талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2012-жылдын 1-февралындагы №3 токтомунун 5-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин;

-биринчи катмардан (слой) алынган бир куб таш 1500-2000 сомдон кем болбошу керек жана экинчи катмардан (слой) алынган бир куб таш 2000-2500 сомдон кем болбош керек деген сүйлөм биринчи жана экинчи катмардан алыган бир куб таш 7000 сомдон кем болбош керек деген сүйлөмгө алмаштырылсын.

2.  Сары-Таш таш кенинде иш жүргүзүп жаткан ишканалар өндүрүлгөн таш кенин сатуу жөнүндөгү клишимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

3.    Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2012-жылдын 1-февралындагы №3 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилгендигин кен казып иштеген ишканаларга жеткирүү Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент,мыйзамдуулук,укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

Х. Каныбаев