Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 36
БУУӨПтүн “Ош обласытын интеграциялап өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча жеригиликтүү өнүктүрүү комитетинин жобосун,курамын жана айылдык кеңеш тарабынан каттоо жөнүндө күбөлүгүн бекитүү жөнүндө
Жалпак-Таш айыл аймагы БУУӨПтүн пилоттук тизмесине киргендигине байланыштуу БУУӨПтүн “Ош обласытын интеграциялап өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча сунушталган жеригиликтүү өнүктүрүү комитетинин жобосун,курамын жана айылдык кеңеш тарабынан каттоо жөнүндө күбөлүгүн бекитүү максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. БУУӨПтүн “Ош обласытын интеграциялап өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча өнүктүрүү комитети жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. БУУӨПтүн “Ош обласытын интеграциялап өнүктүрүү” долбооруна колдоо көрсөтүүбоюнча Жалпак-Таш айыл аймагынын жергиликтүү өнүктүрүү комитетинин курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу формасындагы жеригиликтүү өнүгүү комитетин Жалпак-Таш айылдык кеңеш тарабынан каттоо жөнүндө күбөлүк 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент,мыйзамдуулук,укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Х. Каныбаев |
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин
2017-жылдын 13-сентябрындагы
№36 токтомуна 1-тиркеме
БУУӨПтүн «Ош областын интеграциялап өнүктүрүү» долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча Кара-Тарык айылынын өнүктүрүү комитети жөнүндө ЖОБО
1. ЖАЛПЫ ЖОБО
1.1 Кара-Тарык айылынын жергиликтүү өнүктүрүү комитети (мындан ары – өнүктүрүү комитети) дайыма аракеттенген коллегиалдуу кеңешүүчү орган болуп эсептелинет. Өнүктүрүү комитети БУУӨПтүн «Ош областын интеграциялап өнүктүрүү» долбоорун Кара-Тарык айылынын деңгээлинде натыйжалуу ишке ашырууга көмөктөшүү максатында түзүлдү.
1.2. Өзүнүн ишмердүүлүгүндө Өнүктүрүү комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана башка ченемдик-укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетектейт.
1.3 Өнүгүү комитети өзүнүн милдеттерин акы төлөөсүз негизде аткарат.
1.4. Өнүгүү комитетинин мүчөлөрү айыл жашоочуларынын жалпы чогулушунда шайланат.
1.5. Айылдын коомдук иштерине активдүү катышкан, көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн жолдорун жакшы билген ушул айылдын ар бир жашоочусу өнүгүү комитетинин мүчөлүгүнө шайлануусу мүмкүн.
1.6. Өнүгүү комитетинин ушул жобосу жана анын курамы айылдык кеңештин токтому менен бекитилет.
1.7. Өнүгүү комитетинин ишине кеңешчи же эксперт катары мамлекеттик эмес жана коомдук уюмдардын, башка донордук уюмдардын өкүлдөрү тартылышы мүмкүн.
2. ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨНҮГҮҮ КОМИТЕТИНИН ФУНКЦИЯСЫ
2.1. Жергиликтүү өнүгүү комитетинин функциялары:
2.2. Айылдын маанилүү көйгөйлөрүн БУУӨПтүн долбоорунун каржылык, техникалык, кеңеш берүү жана башка колдоолорунун эсебинен ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу, бекитүү жана коюлган милдеттерди ишке ашырууну уюштуруу.