Редакцияот 23.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МЫРЗА-АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын депуттатарынын кезексиз XI сессиясы

 

2017-жылдын 23-декабры № 105

Абдыраимов Насыр көчөсүнүн тургундарынын арызы жөнүндө

Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып «Финансы,экономикалык бюджет жана инвестиция» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ

Абдыраимов Насыр көчөсүнүн электр мамычаларына каражат 2018-жылга бөлүнгөн переходящий акчанын эсебинен 2018-жылдын I кварталынан каражат бөлүнүп берилсин.

2. Каражатты бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеӊештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                       С. Джусупов