Редакцияот 11.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык Кеӊешинин VI шайланган I сессиясы

 

2017-жылдын 11-январы № 1-4

Кыргыз-Ата айылдык кенешинин төрагасын шайлоо жөнүндөгү эсептөө комиссиясынын № 4 токтомун бекитүү жана орун басарын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 37-статьясына негизденип депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Кыргыз-Ата айылдык кенешинин търагасын шайлоо жөнүндөгү эсептөө комиссиясынын № 4 токтому бекитилсин.

2.    Кыргыз-Ата айылдык кенешинин търагасы болуп Назарбаев Кубатбек Төлөнович шайлансын.

3.    Кыргыз-Ата айылдык кенешинин төрагасынын орун басары болуп Алибаев Канатбек Маматураимович шайлансын.

4.    Кыргыз-Ата айылдык кенешинин катчысы болуп Азимбаев Атиш Арынович шайлансын.

 

Төрага

Б. Ниматова

 

 

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 11-январы № 4

 

Кыргыз-Ата айылдык кенешинин төрагасын шайлоо боюнча 3-турдун бюллетендеринин жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 37-статьясына негиз депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кенешинин эсептөө комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Кыргыз-Ата айылдык кенешинин эсептөө комиссиясынын жыйынтыгы менен айылдык кенештин төрагалыгына талапкер болуп катталган Назарбаев Кубатбек Төлөнович 31 добуш алды деп эсептелинсин.

 

Эсептөө комиссиясынын төрагасы  К. Баймурзаев