Редакцияот 19.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык Кеӊешинин V шайланган кезектеги XXV сессиясы

 

2016-жылдын 19-августу № 27-1

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан мамлекеттик ыйгарым укукту Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнөөткөрүп берүүжөнүндөгү келишимди бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесинин 6-пунктына жана “Жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алыпайылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз-Ата айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан мамлекеттик ыйгарым укукту Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнөөткөрүп берүү жөнүндөгү келишим бекитилсин.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, тарбия, тартип, этика, дин иштери, үрп-адаттар, каада-салттар жана үй-бүлөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

С. Турдуев