Редакцияот 23.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Тоо айыл Кеӊешинин VI шайланган IX сессиясы

 

2017-жылдын 23-декабры № 33

 Кызыл-Тоо жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө

Кызыл-Тоо жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдагы бюджетинин жана жыл ичинде аткарган иштерин талкуулап Кызыл-Тоо айылдык кенешинин 6 чакырылыш 9 сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кызыл-Тоо жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Самидинов Русландын 2017-жыл ичинде аткарган жумуштары канаттандырарлык деп белгиленсин.

2.Жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджетин көбөйтүү жана жайытты сарамжалдуу пайдалануу ,жандандыруу иштерин колго алуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Самидиновго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.

 

Төрага

К. Кадырбеков